Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 191 кыргызстандык кайтып келди

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 191 кыргызстандык кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта Дубай-Бишкек чартердик каттамы уюштурулду. Келгендердин арасында жаш баштар дагы бар.   Дубай аэропортундагы тартипке ылайык, каттамдагы бардык жарандар коронавируска  экспресс-тест тапшырышкан. Сыртта калган мекендештерди Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер уланат.

Медицинанын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун 3-июлда чыгарган жарлыгында белгиленгенге караганда “коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн” медицина тармагынын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.   Алардын ичинен III даражадагы «Манас» орденине Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит… Кененирээк…

Кыргызстанда кечиктирилген жалпы республикалык тестирлөө 6-10-июлда өтөт

Кыргызстанда кечиктирилген жалпы республикалык тестирлөө 6-10-июлда өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдө баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.   Тестирлөөнүн өзүн Бишкекте жана Ошто 11-12-июлда өткөрүү пландалып жатат. Кечиктирилген сынак негизги тестирлөөгө олуттуу себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн уюштурулат.

Бишкектин 7-апрель көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкектин 7-апрель көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Анын Ахунбаев менен кесилишинде жылуулук тармагы оңдолот. Иштер 5-июлдан 30-июлга чейин жүргүзүлөт.   Андан улам, 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга эртелеп башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Бишкекке бүгүн Новосибирск шаарынан кыргызстандыктар жеткирилди

Бишкекке бүгүн Новосибирск шаарынан кыргызстандыктар жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен 186 мекендеш кайтты.   Анын ичинде студенттер, кош бойлуу аялдар, балдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Белгилеп кетсек, пандемиядан улам чек аралар жабылып, кыргызстандыктар өлкөгө келе албай калышкан.   Өкмөттүн… Кененирээк…

Ош облусунда дагы чектөөлөр киргизилүүдө

Ош облусунда дагы чектөөлөр киргизилүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, дүкөндө, кафелер жана коомдук тамактануу жайлары кечки саат 10го чейин эле иштеши керек.   Базарлар болсо дүйшөмбүдөн тышкары күн сайын ачык болот. Ал эми бул күнү дезинфекциялоо иштери аткарылат. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.   Ошондой… Кененирээк…

Жылдыздуу форвард Лионель Месси “Барселонадан” кетүү ниетинде

Жылдыздуу форвард Лионель Месси “Барселонадан” кетүү ниетинде. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, футболчу келишимди узартуу сүйлөшүүлөрүн токтотту. 33 жаштагы чабуулчу клубдун туура эмес кабыл алынган чечимдерине күнөөлүү болуп жатканына нааразы болууда.   Эске салсак, Лионель Месси каталондук команданын негизги курамында  2004-жылы ойноп баштаган.

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр бүгүнтөн тарта киргизилет

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр бүгүнтөн тарта киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ар ишемби күндөрү коомдук транспорттун иши токтотулат.   Андан тышкары, коомдук тамактануу жайлары кечки 8ге чейин жабылышы керек. Элди чогултуу менен иш-чараларга бөгөт коюлду. Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалдын курчуганына… Кененирээк…

Саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин ушул жылдын 20-августуна чейин даярдашы керек

Саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин ушул жылдын 20-августуна чейин даярдашы керек. novosti.kgге БШКдан билдиришкендей, талапкерлерди каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери старт алат.   Партиялар ошондой эле шайлоо фондун түзүп, 5 миллион сом кепилдик суммасын бериши керек.   Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарында газ системасын бөлүп төлөө шарты менен орнотуу пландалууда

Бишкектин жаңы конуштарында газ системасын бөлүп төлөө шарты менен орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, 1 үйгө газ өткөрүү 20 миңден 60 миң сомго чейин айланат.   Кызматтын баасы кымбат болгондуктан, шаар бийлиги коммерциялык банктар аркылуу акчасын бөлүп төлөө… Кененирээк…