Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу

Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал туруктуу. Бирок курчуп кетиши ыктымал, — дешти өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн. Маалыматка караганда, облусту жабуу чарасы көрүлбөйт. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Муну менен катар облус тургундарына аймак аралык каттамдарды токтотуп туруу сунушталууда, — дешти облус башкармалыгынан.

Азырынча өлкөгө өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек

Азырынча өлкөгө өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, аймактардагы жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керек. Муну менен катар өлкө башчы Республикалык штабга облус аралык коомдук унааларды токтотуу сунушун… Кененирээк…

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду

Ош шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча 600 орун даяр болду. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып калаадагы спорт комплексте 100 орундуу стационар ишке кирди. Бул жайда жеңил жана орто абалдагы бейтаптар кайрылып, жардам алышат. Мындан тышкары дагы 500дөн ашык орун даярдалууда.

Коронавируска каршы күрөш үчүн элден түшкөн каражат медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө сарпталды

Коронавируска каршы күрөш үчүн элден түшкөн каражат медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө сарпталды. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында Саламаттыкты сактоо министрлигине кошумча 391 миллион сом берилди. Анын ичинен 91 миллион сом вирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүүгө жумшалды. 300 миллион сом коргонуу… Кененирээк…

Вьетнамдагы мейманкана туристтерди алтындан жасалган сантехникасы менен кызыктырууда

Вьетнамдагы мейманкана туристтерди алтындан жасалган сантехникасы менен кызыктырууда. Анда коноктор үчүн чатырда жайгашкан көрүнүктүү бассейндин плитасы жана номердеги жуунуучу бөлмөдөгү түтүктөр кымбат баалуу таштан жасалган. Мындай баалуу жайда бир түнөө үчүн 250 доллар төлөө керек. Дүйнөдө мындай мейманканадан башкасы азырынча жок.

Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун берет

Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды алуу эки өлкөнүн ведомство жетекчилери ортосунда сүйлөшүүлөрдө жетишилди. Жабдуулар жакынкы аралыкта ордо калаага жеткирилет.

Барселонадагы Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды

Барселонадагы Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды. Бул жайга эң биринчи кезекте ишемби жана жекшемби күндөрү COVID-19га каршы күрөшкөн дарыгерлер үчүн турлар уюштурулат. Андан кийин полиция кызматкерлери жана кайрымдуулук менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштегендер киргизилет. Алардан кийин гана барселоналыктардын кирүүсүнө уруксат берилет. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн жабдуу жана шаймандар жетишсиз

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн жабдуу жана шаймандар жетишсиз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, стандартка ылайык, 39 позиция боюнча медицина жабдуулары жана шаймандар керектелет. Бүгүнкү күндө алардын 23ү жетишсиз. Алар оксигенатор жана жасалма дем алдыруучу же ИВЛ… Кененирээк…

Талас облусунун Бакай-Ата районуна таза суу системасы тартылууда

Талас облусунун Бакай-Ата районуна таза суу системасы тартылууда. Аймактык башкармалыктан билдиришкендей, учурда узундугу 1 чакырымдан ашык жерге суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Иштер жакынкы аралыкта жыйынтыкталат. Таза суу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 152 миң сом каралды. Каражатка түтүк жана башка керектүү курулуш материалдары сатып алынды.

Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп кетсе медреселер обсервация катары пайдаланууга берилет

Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп кетсе медреселер обсервация катары пайдаланууга берилет. Аймактык казыяттан билдиришкендей, 3 медреседе шарттар бар. Анда мэриянын комиссиясы текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Учурда Ош шаарында жалпысынан 600 орун уюштурулду. Алар мейманкана, ресторан, спорт зал жана менчик медицина борборлорунда.