«Абитуриент Онлайн» порталы ишке кирди

«Абитуриент Онлайн» порталы ишке кирди. Ага 1-тур башталганга чейин катталыш керек. 2020-21-окуу жылында абитуриенттер жогорку жана орто окуу жайларына www.2020.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу онлайн түрүндө тапшырышат. Тандаган багыттарын жана билдирүүнү турлардын убактысына жана талаптарына карап жиб ерүү керек. Системага жалпысынан 64 жогорку окуу жай киргизилди. Абитуриенттер порталдан… Кененирээк…

Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор азырынча каттоонун мөөнөтүн узартууга зарылчылык жок

Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор азырынча каттоонун мөөнөтүн узартууга зарылчылык жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Мекеме ушул маселе боюнча байланыш борборуна кайрылгандар көп болуп жатканын белгилейт. Мындан улам чет өлкөлүк жарандар республикада өзгөчө кырдаал режими алынгандан кийин документтерин 10 күндүн ичинде… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 34кө жетти

Парламенттик шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 34кө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш күндүн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45… Кененирээк…

Бишкекте препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан 3 компанияга иш козголду

Бишкекте препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан 3 компанияга иш козголду. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, ар бир дарыкананын жетекчилиги дары-дармектердин бааларына болгон жөнгө салуу боюнча милдеттенме алышкан. Эгерде маселе чечилбесе, өкмөт тарабынан атайын документ кабыл алынып, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бишкекте дагы 5 стационар борбору ачылат

Бишкекте дагы 5 стационар борбору ачылат. Буга чейин курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор уюштурулган. Алар ордо калаанын 4 районуна тең бөлүштүрүлгөн. Буларда жалпысынан 550 орун жеткиликтүү.

Кыргызстанда ИВЛ аппаратынын жетишсиздиги боюнча курч олуттуу маселе жок

Кыргызстанда ИВЛ аппаратынын жетишсиздиги боюнча курч олуттуу маселе жок. Бул тууралуу премьер-миниср Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, ушул жумада Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келинет. 200ү жакынкы аралыкта, ал эми 300ү жуманын аягында жеткирилет. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанга 500 кычкылтек концентратору алынып келинген.

Бишкек – Ош унаа жолунун жээгинде жашылча саткан соодагерлерге көзөмөл күчөтүлдү

Бишкек – Ош унаа жолунун жээгинде жашылча саткан соодагерлерге көзөмөл күчөтүлдү. Ага ылайык, кардар менен сатуучунун ортосундагы аралык 1,5 метр болушу керек. Вирусту жугузуп албоо үчүн товарды кардар алуудан мурда, колуна антисептик себилет. Соода жайында вирустун алдын алуу жолдору жазылган маалыматтар жайгаштырылууда. Белгилеп кетсек, учурда… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине берилүүчү кошумча төлөм 30 пайызга жогорулады

Коронавирус менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине берилүүчү кошумча төлөм 30 пайызга жогорулады. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, кызматкерлерге буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша 1-июлдан тартып көбөйтүлдү. Эгерде буга чейин бир дарыгерге 1 күнгө 2 миң… Кененирээк…

Токмоктогу спорттук мектеп бүгүнтөн тартып күндүзгү стационар катары иштеп баштайт

Токмоктогу спорттук мектеп бүгүнтөн тартып күндүзгү стационар катары иштеп баштайт. Билим берүү мекемесинде 50 орундук даярдалып, 10 кычкылтек концентратору орнотулду. Бейтаптарды эки дарыгер, үч медайым жана санитарлар көзөмөлдөйт. Жарандар үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөсү боюнча кабыл алынат. Жакын арада жергиликтүү бюджет дагы 20 кычкылтек концентраторун сатып алууну пландап жатат.

АКШ онлайн окуган чет өлкөлүк студенттерге быйыл виза бербейт

АКШ онлайн окуган чет өлкөлүк студенттерге быйыл виза бербейт жана узартпайт. Бул эреже академиялык жана кесиптик билим алгандарга тиешелүү. Учурда Америкада коллеж жана университеттердин көбү күзгү окуу пландарын жарыялай элек. Ал эми Гарвард университети жаңы окуу жылында сабактар онлайн гана форматында өтөрүн жарыялады. Кошумчаласак, АКШда… Кененирээк…