Улуу Британияда аралыкты сактоо жүрөкчөлөрү пайда болду

Улуу Британияда аралыкты сактоо жүрөкчөлөрү пайда болду. Бристоль шаарындагы сейил бактардын бириндеги жүрөкчөлөр сүйүшкөндөр үчүн аралыкты сактоого ылайык чийилип түшүрүлдү. Романтикалуу чийиндердин аралыгы бири-биринен алыс жана эки адамга ылайыкталган. Дал ушундай жүрөкчөлөр жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы эс алуу бактарында пайда болушу күтүлүүдө.

Кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлда башталат

Кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлда башталат. Кабыл алуу үчүн «СПУЗ-онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелип чыкты. Окууга кабыл алуунун 1-туру 13-июлдан 31-июлга чейин уланат. Ал эми 2-тур 1-августтан 20-августка чейин жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, быйыл окуу жайларга тапшыруу онлайн форматында өтөт.

Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди

Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспораларынын жана элчиликтин өкүлдөрү аркылуу түзүлдү. Ага студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар кирди. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери уланууда.

Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат

Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Анын айтымында, 4-июлдан 8-июлга чейин күндүзгү стационарларга 5,5 миң адам медициналык жардам алууга кайрылды. Бейтаптарга медициналык кеңеш берилип, муктаждарга тамчылатма инъекция коюлду. Күндүзгү стационарларга эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин кайрылса болот.… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 9-июлдан 11ине чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерге мөндүр түшүшү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, транспорт, энергетика… Кененирээк…

Арсланбаптагы эс алуу жайы убактылуу карантинге жабылды

Арсланбаптагы эс алуу жайы убактылуу карантинге жабылды. Өлкө аймагында катталган пандемияга байланыштуу эс алуу жайын 9-июлдан тартып бир жумага жабуу тууралуу буйрук чыкты. Ал эми 500 орундуу пансионат, балдар лагерлери быйылкы сезондо ачылган жок. Жагдайга жараша карантиндик мөөнөт узарышы да мүмкүн. Бирок жеке менчик конок… Кененирээк…

Быйыл ЖОЖ жана кесиптик орто окуу жайларга кабыл толук түрдө онлайн форматында өтөт

Быйыл ЖОЖ жана кесиптик орто окуу жайларга кабыл толук түрдө онлайн форматында өтөт. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, жайында окуу башталганга чейин абитуриенттер ЖОЖ же кесиптик орто окуу жайларына барбашы керек. Ал эми окуу жайга тапшырууда маселе жаралса 1919 кыска номерине кайрылуу… Кененирээк…

Нарын облусунда район жана айылдар ортосундагы санитардык түйүндөр алынды

Нарын облусунда район жана айылдар ортосундагы санитардык түйүндөр алынды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, учурда Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорундагы 3 негизги пост иштеп жатат. Алардын ишмердүүлүгү 22-марттан бери уланууда. Ошондой эле Нарын облусунан Бишкек жана Чүй облусуна жүрчү каттамдар да азайтылууда.

Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес

Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксаты жок мындай жабдууларды орното албайт. Ошондой эле технологиянын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу лабораториялык тастыкталган маалымат жок. Белгилеп кетсек, соцтармактарда 5G… Кененирээк…

Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт

Орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, орто кесиптик окуу жайларына кабыл алуунун 1-туру 13-июлдан 31ине чейин өтөт. 3-августта кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. Ал эми 2-тур 1-августтан 20сына дейре жүргүзүлөт. Бул аралыкта… Кененирээк…