АФК Кубогунун тайпалык оюндары күзүндө өтөт

Азия футбол конфедерациясы (АФК) АФК Кубогунун тайпалык оюндарынын жадыбалын жарыялады. Белгилей кетсек, аталган мелдеште Бишкектин “Дордой” футбол клубу ойнойт. Тайпалык оюндардын биринчи турунда “Дордой” түркмөнстандык “Алтын Асыр” менен ойнойт. Ал оюн 20-октябрда болуп өтөт. Кийинки турларда − 23-октябрда тажикстандык “Хужанд” (2-тур) жана 26-октябрда Истиклок (3-тур)… Кененирээк…

Өлкө мечиттеринде жума намазы убактылуу окулбайт

Өлкө боюнча мечиттер жабылбайт, бирок кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. Учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу муфтият тарабынан бир катар тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Алар: 1. Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда жер титирөө катталды

Баткен облусунун Лейлек районунда жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзаланын очогу Тажикстанда жайгашкан. Буга карабай, бүгүн түштө Алга жана Жеңиш айылдарында жердин силкинүүсү 5 баллга чейин сезилди. Сүлүктү, Исфана шаарларында 4 баллга чейин жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган… Кененирээк…

Кыргызстанда облус аралык коомдук унаалар токтотулду

Кыргызстанда облус аралык коомдук унаалар токтотулду. Мындай чечим КОВИД-19 вирусунун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды, — дешти республикалык штабдан. Чектөөлөр республикада эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот. Белгилеп кетсек, буга чейин бир катар облустарда коомдук унаалар ишин токтоткону маалым.

Ырчы Мэрайя Кэри үнүнүн күчү менен айнек бөтөлкөнү сындырды

Ырчы Мэрайя Кэри үнүнүн күчү менен айнек бөтөлкөнү сындырды. Видеону ал өзүнүн Instagram баракчасына бөлүштү. Тасмададан ырчы бийик нотаны алып ырдай баштаганда бөтөлкөнүн кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Кэринин айтымында, бул 2019-жылы популярдуу болгон Bottle Cap Challenge ине дубль болгон. Анын алкагында челленджин катышуучуры бөтөлкөнүн капкагын… Кененирээк…

Кыргызстанга Россиядан 184 жаран учуп келди

Бүгүн Кыргызстанга «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург – Ош» каттамы менен Россиядан 184 КР жараны учуп келди. Алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, каттам эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун келишимдеринин негизинде дүйнөдө COVID-19… Кененирээк…

Японияда дүйнөдө алгачкы ирет жер титирөөгө туруштук берген поезд ишке кирди

Японияда дүйнөдө алгачкы ирет жер титирөөгө туруштук берген поезд ишке кирди. Ал Токио жана Осаку шаарларын бириктирген каттамда жүрөт. Жаңы поезд саатына 360 чакырымды басып өтөт алат. Анын ылдамдыгы башкалардыкынан жогору жана зилзала учурунда да жүргүнчүлөрдү ташууга жөндөмдүү. Техниканы Токиодо өтчү Олимпиада оюндарына карата каттамга… Кененирээк…

Талас облусунун Манас районунда жаңы мектеп пайда болот

Талас облусунун Манас районунда жаңы мектеп пайда болот. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, жаңы имарат 175 окуучуга чакталат. Билим берүү мекемесин куруу май айында башталган. Аны ушул күздө пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоордун жалпы суммасы 10 миллион сомду түзөт. Каражат чет элдик донор тарабынан берилди.

Ыктыярчыларды бириктирге birge.pro порталы ишке кирди

Кыргызстанда медициналык мекемелерге көрсөткөн ыктыярчылардын жардамын бириктирген birge.pro порталы ишке кирди. Бүгүнкү күндө көптөгөн ыктыярчылар жана жөнөкөй жарандар медициналык мекемелерге жана кызматкерлерге жардам берүүдө. Координациянын жоктугунан улам жардам кээ бирлерине кайталанып, айрымдарына дээрлик жетпей калууда. Мындан улам сайтта ооруканага эмне жетишпей жаткандыгы тууралуу маалыматтар жайгаштырылат.

Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун алып берет

Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун алып берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жабдуулардын жалпы баасы 250 миң долларды түзөт. Күтүлгөндөй концентраторлор өлкөгө 14 күндүн ичинде жеткирилет.