Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар

Ош облусунда дары-дармектин эки айлык запасы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирет. Анын айтымында, өкмөт тарабынан облуска 50 даана жасалма дем алдыруучу аппарат жиберилген. Учурда жеке коргонуучу каражаттардын 18,5 миңи бар. Ошондой эле 200 миң беткап, 15 миңдей респиратор… Кененирээк…

Бишкекке кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди

Бишкекке кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жеткирилди. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, 300 жабдуу жана 2 миң пульсоксиметр келди. Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет. Белгилеп кетсек, буга чейин өкмөт тарабынан сатылып алынган 700 кычкылтек концентратору алынып келинген.

Япониянын Тояма шаарынын полициясы мышыкка адам өмүрүн сактап калганы үчүн ыраазычылык билдирди

Япониянын Тояма шаарынын полициясы мышыкка адам өмүрүн сактап калганы үчүн ыраазычылык билдирди. Жергиликтүү тургун сейилдөөдөн келе жатып кошунасынын мышыгы канал жакты карап мыелогонун байкаган. Мышыктын жанына барган аял эс учун билбей жаткан адамды көргөн. Аны каналдан чыгарууга бир нече адам тартылган. Кийин алар полициянын ыраазычылык… Кененирээк…

64 жаштагы аял 23 жаштагы багып алган баласына турмушка чыкты

64 жаштагы аял 23 жаштагы багып алган баласына турмушка чыкты. Бул көрүнүш Индонезиянын Түштүк Суматра шарында болуп өткөнүн чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, аял турмушка чыгуу оюу бар экенин жолдошуна өзү билдирген. 64 жаштагы жубайына жолдошу 100 миң рупий же 528 миң сом калың… Кененирээк…

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 122 жаран учуп келди

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирлигинен 122 жаран учуп келди. Алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти. Алар Дубайдын аэропортунан Кыргызстанды карай транзиттик каттамга отурушкан.

АКШ жана Канададагы кыргызстандыктар өлкөгө медициналык жардам көрсөтүшөт

АКШ жана Канададагы кыргызстандыктар өлкөгө медициналык жардам көрсөтүшөт. Аталган өлкөлөрдөгү элчиликтен билдиришкендей, жардам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Гансидеги реанимация бөлүмүнө жана №6 үй-бүлөлүк медицина борборуна берилет. Мындан тышкары, АКШдагы кыргызстандыктар тарабынан март айынан бери мекенине жалпысынан 40 миң доллардан ашык каражат жиберилди.

Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыга баштады

Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар вирустан айыга баштады. Мэриядан билдиришкендей, спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып айыккан бейтаптар үйлөрүнө узатылды. Алар тийиштүү медициналык жардам алышты. Бир жуманын аралыгында күндүзгү стационарлар 11 миңден ашык адамды кабыл алышты. Эске салсак, ордо калаада учурда тогуз стационар иштеп жатат.… Кененирээк…

Кыргызстанга 15-июлда бир катар медициналык жардам келет

Кыргызстанга 15-июлда бир катар медициналык жардам келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирет. Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек, 17 багыттагы медициналык каражаттар жана 13 тез жардам унаасы жеткирилет. Сатып алууларга Дүйнөлүк банк 9 миллион доллар бөлүп берген. Тендер өткөрүлүп, 6 миллион долларга келишим… Кененирээк…

Нидерландыда чаң басып жаткан ваза 11,5 миллион долларга бааланды

Нидерландыда чаң басып жаткан ваза 11,5 миллион долларга бааланды. Өлкөнүн алыскы айылдарында жашаган улгайган аял искусство таануучуну чакырып шкафта сакталып турган эски вазага баа коюп берүүсүн суранган. Фарфор ваза 18-кылымда Кытайдын Цин династиясындагы чыгыш керамикасын жыйнаган коллекционер Гарри Граднерге таандык болгон. Анын баасы аукциондо 9… Кененирээк…

Окуучулар олимпиадасынын 3-турунун жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таанылды

Окуучулар олимпиадасынын 3-турунун жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таанылды. Облустук турда I, II жана III орундарга 483 окуучу ээ болгон. Чечим карантинден улам окуучулардын олимпиадага толук кандуу даярданууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун эске алуу менен кабыл алынды. I орунду алган 160 окуучу ноутбук жана диплом менен сыйланышат.… Кененирээк…