Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселе болууда

Кыргызстанда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселе болууда. Премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, учурда эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлер ишке чыгууга чакыртылууда.  Мындан тышкары чет өлкөлөрдөн адистер да Кыргызстанга тартылып жатат. Мындай чараларга жана кызматкерлердин жетишсиздигине дарыгерлердин көбү вируска чалдыкканы себеп.

Илон Маск дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинде 7-орунду ээледи

Илон Маск дүйнөлүк миллиардерлердин рейтингинде 7-орунду ээледи. Бул көрсөткүч менен ал Уоррен Баффетти ашып өттү. Рейтинг «Bloomberg» агенттиги тарабынан түзүлгөн. Илон Масктын кирешеси 6 миллиард долларга өсүп, анын жалпы каражаты 70,5 миллиард доллар деп бааланды. Буга анын «Tesla» компаниясынын акциясы 11 пайызга өскөнү себеп болду. Бул… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар спортчуларга наам ыйгарылды

Кыргызстанда бир катар спортчуларга наам ыйгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда,  Бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык, «Ардагерлер арасында Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери», «Эл аралык класстагы спорт чебери» жана «Спорт чебери» наамдары спорттун түрлөрү боюнча тапшырылды. Бир катар… Кененирээк…

Семетей» обсервациясында 400 орундуу интенсивдүү терапия палаталары ачылат

Семетей» обсервациясында 400 орундуу интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул орундар «Семетей» обсервациясына келип түшкөн оор абалдагы бейтаптарды дарылоого жана динамикалык байкоо үчүн түзүлүүдө.… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстандыктарга 70 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, WhatsApp мессенджери аркылуу 1991-жылдан 2018-жылга чейин иштеген жарандарга 70 миң сомдон компенсация берилет деген маалымат тарап жатат. Анда акча алуунун критерийлери кошо белгиленген.… Кененирээк…

Түркиядагы Айя-София музейи мечитке айланат

Түркиядагы Айя-София музейи мечитке айланат. Тиешелүү жарлыкка президент Режеп Тайип Эрдоган  кол койду. Бул боюнча чечим 1934-жылы кабыл алынган. Белгилеп кетсек, Айя-Софияны Мустафа Кемал Ататүрк мындан 85 жыл мурда музейге айландырган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Өзгөн районунун тургундары таза суу менен камсыздалууда

Өзгөн районунун тургундары таза суу менен камсыздалууда. Жергиликтүү башкармалыктан билдиришкендей, Өстүрүү айылынын тургундары 8 чакырым алыстыктан өз күчтөрү менен суу тарттырып келишти. Учурда ар 4түнчү үйдө таза суу системасы орнотулууда. Иштерге жалпысынан 200 миң сом сарпталды. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүндү. Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Чалк-Өйдө… Кененирээк…

Ордо калаада күн сайын кечки 8ден кийин ишканаларга рейд жүрүүдө

Ордо калаада күн сайын кечки 8ден кийин ишканаларга рейд жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, текшерүү иштерин санитардык экологиялык инспекциясы жүргүзүп жатат. Анын алкагында санитардык талаптардын сакталышы көзөмөлгө алынууда. 11-июлга карата 247 протокол толтурулуп, 1 миллион 100 миң сомго айып тагылды. Эреже бузгандардын басымдуу бөлүгү коомдук тамактануу жайлары,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе бар

Жалал-Абад облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе бар. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, вирус менен күрөшүүгө медициналык окуу жайдын 26 мугалими жумуштарга тартылды. Учурда аймакта эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Учурда 3 медайым кызыл зонада иштеп жатат. Мындан тышкары үйүндөгү медицина кызматкерин кызматка кайтаруу боюнча… Кененирээк…

Японияда «акылдуу» котормочу-бет кап чыгарыла баштады

Японияда «акылдуу» котормочу-бет кап чыгарыла баштады. Ал коронавирустан коргоо кызматы менен бирге ээсинин сүйлөгөн сөздөрүн башка тилдерге которот. Ал сөздөрдү дүйнөнүн 9 тилине которууга жөндөмдүү. Коргонуу каражатын сентябрда дүкөндөргө сатыкка чыгаруу пландалууда. «Акылдуу» котормочу-бет кап 40 доллардан сатылмакчы. Мындай бет каптар алгач Японияда гана сатылат.… Кененирээк…