Баткенде эртеңден тартып коомдук тамактануучу жайлар жабылат

Баткенде эртеңден тартып коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда, Эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аймактагы ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлар убактылуу жабылат. Бүгүн район жана шаар аралык коомдук транспорт токтотулду. Мындан тышкары санитардык-карантиндик түйүндөргө такси кызматтарын облус аймагынан чыгарбоо… Кененирээк…

Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди

Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди. Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, өкмөт тарабынан 1,5 миң кычкылтек концентраторлору сатылып алынды. Анын 1 миң 300ү толук кандуу иштеп жатат, калган 200ү эртең жеткирилет. Боронов кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 3 миңден ашык дем алдыруучу аппарат бар.… Кененирээк…

Бишкекте билим алып жаткан Пакистандык студент биздин дарыгерлерге жардам берүүгө даяр

Бишкекте билим алып жаткан Пакистандык студент коронавируска каршы күрөшүүдө биздин дарыгерлерге жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди. Анын айтымында, уруксат берилсе акысыз иштөөгө да даяр. Аббас Али Шах Кыргызстан анын экинчи мекени экенин белгилейт. Белгилеп кетсек, Пакистандык студент учурда акыркы курста окуп жатат.  

15-июлда Стамбул – Бишкек чартердик каттамы уюштурулат

15-июлда Стамбул – Бишкек чартердик каттамы уюштурулат. Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, бул учакка 10-июлга чейин электрондук почта аркылуу билдирме жибергендер отура алат. Ушул эле каттам менен Түркиядагы жарандарды Кыргызстанга кайтаруу пландалууда.

Нарын, Чүй жана Ош облусундагы муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Нарын, Чүй жана Ош облусундагы муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Элчиликтен билдиришкендей, Швейцария аталган аймактардын 5 миңге жакын муктаж үй-бүлөсүнө 6 миллион сом бөлүп берди. Биринчи кезекте калктын аярлуу катмарына азык-түлүк топтомунан турган баштыктар таратылды. Ар бир баштыкчанын баасы 1 миң 200 сомду түзөт. Анда… Кененирээк…

Түркияда эмгектенген 18 кыргыз дарыгер өлкөгө учуп келет

Эртең Түркияда эмгектенген 18 кыргыз дарыгер өлкөгө учуп келет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, медицина кызматкерлери Кыргызстандагы кесиптештерине коронавирус менен күрөшүүгө жардамдашуу үчүн келишет. Учурда өлкөдө Москва, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларынан келген кызматкерлер иштеп жатат. Дарыгерлердин дагы бир бөлүгү өлкөгө келиши күтүлүүдө.

18-июлда Ош – Новосибирск чартердик каттамы уюштурулат

18-июлда Ош – Новосибирск чартердик каттамы уюштурулат. Россиянын Ош шаарындагы башкы консулдугунан билдиришкендей, учакка бир катар шаарлардын жарандары гана отургузулат. Алар Новосибирск, Томск, Омск, Алтай, Иркутск, Красноярск, Тыва жана Хакасия республикасынын жарандары. Чартердик каттамга жазылуу үчүн госуслуги.ру сайтына баш багуу сунушталат.

Ордо калаада эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке чыкты

Ордо калаада эмгек өргүүдөгү 235 медицина кызматкери ишке кайтты. Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын катарында дарыгер, орто жана кенже персонал, лаборант, эпидемиолог жана башка кызматкерлер бар. Муну менен катар эмгек өргүүдө жүргөн медицина кызматкерлерин мажбурлап ишке чакыртуу маселеси жок. Алардын айлык акылары тиешелүү негизде төлөнөт. Эмгек… Кененирээк…

Дары-дармектин баасын негизсиз кымбаттатуу жана мыйзамсыз ташуу боюнча 27 факты катталды

Дары-дармектин баасын негизсиз кымбаттатуу жана мыйзамсыз ташуу боюнча 27 факты катталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, учурда медициналык каражаттардын жана бет каптардын баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 4 иш каралып жатат. Мындан тышкары гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физраствор, арбидол жана башка препараттар катылып турган… Кененирээк…

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ишин жандантты

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ишин жандантты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирет. Анын айтымында, ишкана 7-июлдан 13үнө чейин санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында профилактикалык иштер үчүн жабылган. Учурда ордо калаадагы бөлүмдө пособиелер бериле баштады, — деди Жээмбаев.