Аксы районундагы Падыша-Ата жана Сары-Челек коруктары эс алуучуларды убактылуу кабыл албайт

Аксы районундагы Падыша-Ата жана Сары-Челек коруктары эс алуучуларды убактылуу кабыл албайт. Мындай чечимди райондук штаб кабыл алды. Белгилүү болгондой, өткөн жумадан тарта көзөмөл түйүндөрү орнотулууда. Мындай чаралар өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу вирустун жайылышын алдын алуу максатында. Эс алуучуларды кабыл алуу качан жанданат азырынча белгисиз. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан 100 жаран кайтарылды

Кыргызстанга Кытайдан 100 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Сиань-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам учуп келди. Алардын көпчүлүгү Кытайдын ЖОЖдорунда билим алган студенттер. Жүргүнчүлөр Кытайдын 40  шаарынан чогултулду. Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди өлкөгө кайтаруу  иштери уланууда.

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга менен ооруканага жаткырылган бейтаптар акысыз дарыланат

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга менен ооруканага жаткырылган бейтаптар акысыз дарыланат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, дарылары да бекер берилиши керек. Бирок бул күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандарга тиешелүү эмес.

Бириккен Араб Эмирлигинен мекендештер өлкөгө жеткирилди

Бириккен Араб Эмирлигинен мекендештер өлкөгө жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 159 жаранга Дубай – Бишкек чартердик каттам уюштурулду. Бул учак менен АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея, Вьетнам, Япония, Мальдив жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар келишти. Жарандар аба майданга кирерден мурда коронавируска тест тапшырышты. Анын… Кененирээк…

Бишкекте күндүзгү стационарларда 216 медицина кызматкери иштеп жатат

Бишкекте күндүзгү стационарларда 216 медицина кызматкери иштеп жатат. Мындан тышкары 22 ыктыярчы бар, — деди вице-мэр Азизбек Алымкулов. Учурда 908 орундуу 13 күндүзгү стационар бейтаптарга кызмат көрсөтүп жатат. Аларда 22 дарыкана түйүнү жана 114 кычкылтек концентратору бар. Эмгектенген медицина кызматкерлерине акысыз тамак жана мейманканалар уюштурулган.… Кененирээк…

Ордо калаада дагы бир түнкү стационар ачылды

Ордо калаада дагы бир түнкү стационар ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, Кара-Жыгач конушунун Бегматов көчөсүндөгү ресторанда 45 орундуу стационар ишке кирди. Жерине орундуктар, тамчылатма үчүн штативдер, үч кычкылтек концентратору жеткирилди. Анда мобилдик дарыкана дагы орнотулду. Муну менен жалпысынан ордо калаада 3 түнкү стационар иштеп жатат. Алар… Кененирээк…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жардам көрсөттү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга жардам көрсөттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анда коргонуу каражаттарынын бир нече түрү бар. Гуманитардык жардамдын жалпы баасы 508 миң долларды түзөт. Эске салсак, буга чейин аталган уюм бир катар коргонуу каражаттарын, ПЦР-тесттерди, үлгүлөрүн чогултууга жана лабораториялык материалдарды биздин өлкөгө өткөрүп… Кененирээк…

Ош шаардык тез жардам бекетине үч жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Ош шаардык тез жардам бекетине үч жаңы тез жардам унаасы тапшырылды. Мэриядан билдиришкендей, техникалар керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Муну менен жалпысынан шаардык бекетте 13 тез жардам унаасы иштеп жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, кийинки жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы машинелер сатылып алынат. Мындан тышкары тез жардам… Кененирээк…

Нарында медицина кызматкерлери жетишсиз

Нарында медицина кызматкерлери жетишсиз. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Эркинбек Алымкулов билдирет. Анын айтымында, 124 кызматкердин тартыштыгынан улам, жаңы ачылган стационарларга иштөөгө медицина колледждин студенттери тартылды. Мындан тышкары, пенсиядагы кызматкерлер, студенттер жана жумушсуз жүргөн медайымдар дагы кызматка кайтышууда. Өкүл белгилегендей, облустан 28 медицина кызматкери Бишкекке… Кененирээк…

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү. Район администрациясынан билдиришкендей, сел ташкыны 4 үйдү жараксыз абалга келтирди. Мындан тышкары, 12 турак жайдын короосуна суу толуп, эки үйдүн дубалы жана 4 ички чарбалык көпүрө жарактан чыкты. Иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен атайын техника жана 24 кызматкер тартылды. Учурда… Кененирээк…