Синоптиктер жайдын соңку айынын аба-ырайы тууралуу айтып беришти

Синоптиктер жайдын соңку айынын аба-ырайы тууралуу айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, августта республиканын түндүгүндө күндүз термометр мамычалары +34 градусту, түнкүсүн +22 градусту көрсөтөт.   Ал эми түштүктө күндүз 37 градуска чейин күн ысыса, түнкүсүн дагы жылуу болот — +15…20 градус.   Жаан-чачын норманын тегерегинде болот,… Кененирээк…

Парламенттик шайлоолорго үгүт иштери онлайн режиминде жүргүзүлөт

Парламенттик шайлоолорго үгүт иштери онлайн режиминде жүргүзүлөт.   24 агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, ар бир шайлоо тилкесинде жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү виртуалдуу үгүт иштерине көзөмөл жүргүзөт.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Көлбаев атындагы туннелде ремонттук иштерди жүргүзүү пландалууда. Бүгүнтөн тарта туннель аркылуу өтүү үчүн атайын график киргизилди.   Эртең мененки саат 8 жарымдан 9 жарымга чейин жана күндүзгү саат 2ден 3 жарымга чейин унаалар… Кененирээк…

АКШ тургунунун үйүнө күтүүсүз конок келди

АКШ тургунунун үйүнө күтүүсүз конок келди. Эркек терезеден өтүүгө аракет жасап жаткан аюуну видеого тартып алган. Жырткычтын башы кирип, бирок денеси терезеден өтпөй калган.   Бул учурда үй ээси балдары менен аюуну кууп жатканын көрсө болот. Көп өтпөй жаныбар алардын тилин алып, кайра чыгып кетти.… Кененирээк…

Бишкек жана Ошто заманбап ооруканаларды куруу боюнча долбоордун даярдыгы башталды

Бишкек жана Ошто заманбап ооруканаларды куруу боюнча долбоордун даярдыгы башталды.   Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, 100 орунга чакталган инфекциялык ооруканаларды куруу пландалууда.   Бул максатта жер тилкелери аныкталды. Эске салсам, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бардык облустук борборлордо заманбап клиникалар ачылат… Кененирээк…

Бишкектин борборунда катуу шамалдан бак кулап, 3 унааны басып калды

Бишкектин борборунда катуу шамалдан бак кулап, 3 унааны басып калды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады. Окуя бүгүн Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабында, Жеңиш аянтынан алыс эмес жерде катталды.   Тараган кадрларда бак сынып кеткенин көрүүгө болот. Учурда жеринде «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, эпидемиологиялык абалы жакшы аймактардагы окуу процесси өзүнчө каралат.   Бирок министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт.   Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү… Кененирээк…

Сентябрга пландалган Ысык-Көл марафону кийинки жылга калды

Кезектеги эл аралык Ысык-Көл марафонун өткөрүү мөөнөтү коронавирус эпидемиясына байланыштуу өзгөрдү. Бул тууралуу 20-июлда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.   Мекеменин маалыматына караганда, быйыл тогузунчу жыл уюштурула турган марафон 5-сентябрда өтмөк:   “Календардык планга ылайык 5-сентябрга пландалган «Run the Silk… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары иштеп баштады

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ага ылайык, абитуриенттер аталган министрлик тарабынан иштелип чыккан 2020.edu.gov.kg/ системине катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат. Ага байланыштуу суроолор жаралса, 1919 кыска номуруна… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус эпидемиясында элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугат

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус эпидемиясында элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугат. Бул тууралуу анын басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Жолугушуу эртең, 21-июлга белгиленди.   Учурда 15 адамдан турган тизме түзүлдү. ​Өлкөдө бир нече ыктыярдуу топ COVID-19 менен күрөшүүдө ар кандай жардамын берип келет. Анын… Кененирээк…