Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш суу массасынын жүрүү коркунучу 23-июлга чейин сакталат.   Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Жарандарга этият болуу сунушталат.

Аймактардагы бош турган имараттар бир айдын ичинде оорукана алдына өзгөртүлөт

Аймактардагы бош турган имараттар бир айдын ичинде оорукана алдына өзгөртүлөт. Мындай тапшырманы тиешелүү органдарга премьер-министр Кубатбек Боронов берди.   Маалыматка ылайык, объектилерде тез арада ремонттук иштер жүргүзүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы керек. Премьер белгилегендей, айрым медицина жайларындагы орундар реанимациялык бөлүмдөр алдына берилет.   Кошумчаласак, бүгүнкү… Кененирээк…

Улуу Британияда спорт борборунун аймагынан бүтүндөй имарат уурдалды

Улуу Британияда спорт борборунун аймагынан бүтүндөй имарат уурдалды. Кызыгы, окуя күндүз, кызматкерлер ары-бери жүрүшкөндө катталды. Эки эркек узундугу 11 метрге жеткен жыгач имаратын бузуп, аны унаага жүктөп кетишти.   Бул үчүн ууруларга 6 саат талап кылынды. Учурда бул эр жүрөк кылмышкерлер изделип жатат.

Өлкөнүн бардык аймактарында медициналык беткап тигүүчү ишканалар ачылат

Өлкөнүн бардык аймактарында медициналык беткап тигүүчү ишканалар ачылат. Мындай тапшырманы облус жетекчилерине премьер-министр Кубатбек Боронов берди.   Ал белгилегендей, региондордо цехтер ачылып, аларда беткаптардан тышкары, башка коргоочу костюмдар дагы тигилиши керек.

Илон Маск планетанын эң бай адамдарынын бешилтигине кирди

Илон Маск планетанын эң бай адамдарынын бешилтигине кирди. Tesla компаниясынын акциялары өскөндүктөн, анын негиздөөчүсүнүн байлыгы 1 суткада эле 5 миллиард долларга көбөйүп, 74 миллиардга жетти, — деп жазды Форбс.   Биринчи ирет аталган рейтингге Илон Маск июнда кирип, 10-орунга жайгашкан. Ал эми мартта эле ал… Кененирээк…

Ош-Баткен-Исфана-Худжант унаа жолунун курулушу аягына чыгып калды

Ош-Баткен-Исфана-Худжант унаа жолунун курулушу аягына чыгып калды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда аткаруучу компания тарабынан соңку иштер жасалууда.   Учурда жумуштар жүрүп жаткан тилкенин жалпы узундугу 56 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы баасы   54 миллион доллар. Каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген.

Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентраторлору жетиштүү

Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар жана кычкылтек концентраторлору жетиштүү.   Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, кычкылтек концентраторлоруна жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга болгон көйгөй жок, аймактарда дагы бардыгы жетиштүү.   Жакынкы күндөрү Кытайдан дагы 500 кычкылтек концентратору алынып келет. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу кайра каралат

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө суроосу Саламаттыкты сактоо министрлигинде кайра каралат.   Ведомство өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, азыркы тапта расмий тизмеде 40 кызматкер бар.   Ар бирине 200 миң сомго чейин берүү пландалууда. Акматова белгилегендей, дарыгерлер тууралуу маалымат бүт республика боюнча чогулду. Медицина… Кененирээк…

Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленет

Кыргызстанда Курман айт 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Эске салсак, былтыр Курман айт 11-августка туура келген.   Адатта Курман айт орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет. Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен айт намазын окуу суроосу чечилип жатат, — дешти муфтияттан.

Биринчи класстын окуучулары үчүн жаңы окуу жылы кадимки форматта башталышы мүмкүн

Биринчи класстын окуучулары үчүн жаңы окуу жылы кадимки форматта башталышы мүмкүн. Билим берүү министрлиги учурда бул мүмкүнчүлүктү карап жатат, — деп билдирди 24 агенттигине ведомство жетекчисинин орун басары Надира Жусупбекова.   Анын айтымында, акыркы чечимди эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Санэпидем көзөмөл чыгарат. Эгер дарыгерлер… Кененирээк…