Ош шаарында медицина кызматкерлерине кайрылган бейтаптардын саны үч эсе азайды

Ош шаарында медицина кызматкерлерине кайрылган бейтаптардын саны үч эсе азайды. Түштүк калаа мэри Таалайбек Сарыбашов билдиргендей, соңку эки-үч күндүн ичинде оорунун басаңдаганы байкалуда.   Мисалы, Тез жардам кызматына күнүнө 250-300 адам чалган болсо, өткөн суткада 117 чалуу түштү. Ал эми коронавируска чалдыккандарга кеңеш берген 118… Кененирээк…

Жыл башынан бери республикалык бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды

Жыл башынан бери республикалык бюджетке 14 миллиард сом түшпөй калды.  Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Ал белгилегендей, буга чек аралардын жабылышы, жүк ташуулардын кыскарышы себеп болду.   Андан тышкары, бул  жазында өлкөдө киргизилген өзгөчө абал режиминде бизнес чектөөгө кабылганына дагы байланыштуу.   Учурда өкмөт… Кененирээк…

Өзбекстанда 95 жаштагы карыя жогорку окуу жайга тапшырды

Өзбекстанда 95 жаштагы карыя жогорку окуу жайга тапшырды. Жергиликтүү басылмалар жазышкандай, коңшу өлкөдө быйылкы абитуриенттердин эң жашы 13 жашта болсо, эң карысы 95те.   Карыя кайсы багытта билим ала турганы такталбайт. Эске салсам, буга чейин Өзбекстанда 87 жаштагы жаран дагы окуу жайга тапшырып, эң кары… Кененирээк…

Улуу Британиядагы атактуу “Q” басылмасы пандемиянын жабырлануучусу болуп калды

Улуу Британиядагы атактуу “Q” басылмасы пандемиянын жабырлануучусу болуп калды. 30 жылдан бери чыгып келе жаткан журнал кризистин айынан жабылганын анын редактору Тед Кеслер жарыялады.   28-июлда анын акыркы саны чыгарылат. Анда жаңы макалалар эмес, басылманын тарыхындагы эң мыкты интервьюлар жана материалдар жарык көрөт.

Улуттук банк коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөтүн дагы 3 айга жылдырууну сунуштады

Улуттук банк коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөтүн дагы 3 айга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.   Анын айтымында, жазында коммерциялык банктар өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу насыя төлөө мөөнөтүн 3 айга узарткан. Мындай жеңилдикти 76 миллиард сом насыясы бар 154 миң тарап… Кененирээк…

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкекке кошумча  104,8 миллион сом бөлүп берди

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бишкекке кошумча  104,8 миллион сом бөлүп берди. Мэриядан билдиришкендей, каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга багытталды. Учурга карата ордо калаанын бардык медицина жайларында коргонуу каражаттары жетиштүү көлөмдө бар.   Пандемия башталгандан бери фонд тарабынан Бишкекке жалпысынан 1 миллиард 576 миллион сом… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык медициналык жайлары вирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек

Кыргызстандын бардык медициналык жайлары вирустун экинчи толкунуна даяр болушу керек. Премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялагандай, адистердин божомолунда коронавирустун экинчи толкуну ушул күздө болушу мүмкүн.   Андыктан, ооруканалар тиешелүү жабдууларды, дары-дармекти запастап алуусу зарыл. Медицина кызматкерлеринин ден-соолугунун абалына дагы көз салуу керек, — деди өкмөт башчы.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун биринчи туру бүгүн аяктайт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына онлайн кабыл алуунун биринчи туру бүгүн аяктайт. Ал, эске салсам, 20-июлда старт алган. ЖОЖдорго кабыл алуу атайын платформада жүрүп жатат.   Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтында каттоодон өтүп, окуу жайды жана тармакты тандашы керек. 3 күн аралыгында абитуриент тандаган окуу жайда билим ала… Кененирээк…

Кийинки жумада кыргызстандыктар катары менен 3 күн эс алат

Кийинки жумада кыргызстандыктар катары менен 3 күн эс алат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, быйыл Курман айт  31-июль, жума күнгө туура келет.   Кыргызстанда бул күн кызыл дата катары белгиленгендиктен, 5 күндүк график менен иштегендер 31-июль, 1-жана 2-августта эс алат.

Парламенттик шайлоолорго карата добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси түзүлдү

Парламенттик шайлоолорго карата добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси түзүлдү. Ага ылайык, 3 миллион 429 кыргызстандык добуш бере алат, — деп билдирди БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.   Анын айтымында, жарандар тизмеден өздөрүн таппаса, онлайн түрүндө арыз бериши керек.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор 4-октябрга… Кененирээк…