Россиядан келген медицина кызматкерлери аймактарга жөнөтүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинде брифинг уюштурулуп, Исмаилова тажрыйба бөлүшүү үчүн Россиядан бүгүн келген адистерге ыраазычылык билдирди.   Башкыртстандан келген медиктер Кыргызстандын облустарында иштөө үчүн жиберилиши мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер Аида Исмаилова кабарлады. Бүгүн, 23-июль күнү, эртең менен Россиядан медиктердин экинчи тобу келди. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинде… Кененирээк…

Вьетнамда аял 64 жылдан башын жуубай, чачын кыркпай келет

Вьетнамда аял 64 жылдан башын жуубай, чачын кыркпай келет. 84 жаштагы Нгуйен Тхи Динх  19 жашында чачын кырккандан кийин катуу баш ооруга кабылган.   Ошондон киийн ал такыр башына тийген эмес. 64 жыл ичинде анын чачынын узундугу дээрлик 6 метрге жетти.

Алай районунда Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирет светофорлор иштеп баштады

Алай районунда Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирет светофорлор иштеп баштады. Жол чырактар райондук борбордо, Гүлчө айылында Курманжан датка, Муса Адышов жана Алымбек датка көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болду. Каражатты жергиликтүү тургундар чогултту.   Күтүлгөндөй, жыл аягына чейин светофорлор дагы 2 тилкеде орнотулат.   Белгилеп кетсек, Гүлчөдө… Кененирээк…

Баткен облусунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, тургундарга жардам берүүдө

Баткен облусунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, тургундарга жардам берүүдө. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мобилдүү топтор элдин саламаттыгын текшерип, медициналык кеңеш берип, жардам көрсөтүшөт.   Зарыл болсо, жарандар ооруканага дарыланууга жиберилет. Бул вирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жасалууда. Белгилеп кетсек, Чүйдө дагы үймө-үй кыдыруу уюштурулган.

Кыргызстанда учак же тик учак менен дезинфекция иштери жүргүзүлгөн жок

Кыргызстанда учак же тик учак менен дезинфекция иштери жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди. Чиновник белгилегендей, социалдык тармактарда учак менен химиялык каражаттар чачыратылып жатат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.   Андыктан, жарандарга жалган маалыматтарга ишенбөө сунушталат.

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын аймактык кызматтары карантинге жабылды

Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын аймактык кызматтары карантинге жабылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин абалын күбөлөндүрүү процедурасы 1-августка чейин жүргүзүлбөйт. Майыптык боюнча төлөмдөр документтер талап кылынбай эле бериле берет. Калган процедуралар карантинден кийин жасалат.

Кыргызстандын ар бир облусунда комплекстүү ооруканалар курулат

Кыргызстандын ар бир облусунда комплекстүү ооруканалар курулат. Буга Талас облусуна болгон сапарында президент Сооронбай Жээнбеков ишендирди. Анын айтымында, бардык талаптарга жооп бере турган медицина жайларын курууга инвесторлор изделип жатат.   Эске салсак, 100 орундуу ооруканалар Бишкек жана Ошто жакынкы арада пайда болот. Курулуш иштери эмки… Кененирээк…

Оштун “Туран” кичи районунда заманбап бала бакчанын курулушу башталды

Оштун “Туран” кичи районунда заманбап бала бакчанын курулушу башталды. 120 бөбөккө эсептелген мектепке чейинки билим берүү мекемесин салууга 26 миллион сом багытталат.   Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Курулуш иштери жылдын аягына чейин жыйынтыкталат. Мэриядан билдиришкендей, быйыл жалпысынан Ошто 6 жаңы бала бакча пайда болот. Анын… Кененирээк…

Ордо калаанын Жаш Гвардия бульварында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Ордо калаанын Жаш Гвардия бульварында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Андан такташкандай, 25-июлда аталган аталган тилкедеги темир жолдо оңдоо иштери жүргүзүлөт. Андыктан, эртең мененки саат 10дон кечки 5ке чейин унаалар өткөрүлбөйт. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландаштырып алуу… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Россияга учактардын каттамы көбөйтүлөт

Бүгүнтөн тарта Россияга учактардын каттамы көбөйтүлөт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди. Анын айтымында, ошондой эле, Стамбул шаарына каттаган учактардын саны өсөт.   Бул Россия жана Түркиядагы мекендештерди кайтаруу үчүн жасалууда. “Манас” аэропортунда аба кемелерин жөнөтүүгө жана тосууга коопсуздук чаралары каралат. Санитардык… Кененирээк…