Россия 1-августтан тарта эл аралык каттамдарын жандандырат
Россия 1-августтан тарта эл аралык каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу премьер-министр Михаил Мишустин жарыялады. Ага ылайык, учуулар Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург жана Ростов-на-Дону аэропортторунан жүргүзүлөт. Авиа каттамдар кайсы өлкөлөргө аткарыла тургандыгы кийин билинет.