Бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшыруу аземи Ала-Арча резиденциясында өттү
Бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшыруу аземи Ала-Арча резиденциясында өттү. Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага наамга ээ болгон бүтүрүүчүлөр катышты. Белгилей кетсек, быйыл өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» татыктуу болду.