Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды

Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, убактылуу медициналык мекеме катары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залы тандалып алынды. Ага шаар бийлиги тарабынан 5 даана кычкылтек концентратору жана 15 даана коргоочу формалар тапшырылды. 20 орунга ылайыкташкан түнкү стационар кечки саат 8ден таңкы 8ге дейре… Кененирээк…

Ош шаарында калктын бир катар социалдык катмарына рентген кызматы акысыз жүргүзүлөт

Ош шаарында калктын бир катар социалдык катмарына рентген кызматы акысыз жүргүзүлөт. Түштүк калаадагы медициналык борбордон билдиришкендей, ооруканалардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлери, ыктыярчылар үчүн рентгенографиялык изилдөө 2 ай бою акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, Баатыр энелерге жана кароого муктаж жаш балдарга… Кененирээк…

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардык суу оргумаларын жууга киришти

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлери шаардык суу оргумаларын жууга киришти. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иштер учурда Филармония жана мэриянын алдындагы, Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Эмен эс алуу багындагы 25 фонтандын шакекчесин жууп-тазалашууда. Муну менен катар суу оргумаларынын жабдуулары да текшерилет. Жайкы сезондо муктаждыкка жараша оңдоо иштери… Кененирээк…

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасы 10-августтан тарта ишин жандантат

Бишкекте «Тулпар» электрондук картасы 10-августтан тарта ишин жандантат. Эми жол кирени накталай акча менен төлөгөндөр аныкталса, адистер айдоочуларга жана транспорттук компанияларга карата акт түзүшөт, — деп эскертишти ордо калаа бийлигинен. Картаны колдонуу менен байланыш азайып, санитардык эрежени сактоого шарт түзөт. Белгилеп кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта… Кененирээк…

Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын жакшыртуу ниетинде

Өкмөт аралыктан окутуунун шарттарын жакшыртуу ниетинде. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков билдиргендей, убактылуу аралыктан окутуу мезгилинде аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоо керек. Интернеттин начардыгынан улам окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калышууда. Эске салсак, буга чейин Билим берүү министрлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу… Кененирээк…

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру кийинки жумада аяктайт

Кыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру кийинки жумада аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, талондорду каттоо 3-августтан 5ине чейин жүргүзүлөт. Учурда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда. Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтынан ар бир университеттин факультеттери менен тааныша алат. Анда тапшыруу шарттары, келишимдин баасы жана кеңири маалымат алуу… Кененирээк…

Россиядан келген дарыгерлер аймактарда “кызыл зонада” жана реанимациялык бөлүмдөрдө иштеп жатышат

Россиядан келген дарыгерлер аймактарда “кызыл зонада” жана реанимациялык бөлүмдөрдө иштеп жатышат. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдиргендей, адистер учурда Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында кызмат көрсөтүшүүдө. Алар коронавирус жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылоодо кыргызстандык дарыгерлерге жардам көрсөтүп жатышат. Исмаилова кошумчалагандай, адистер өлкөгө келген алгачкы 2… Кененирээк…

30-июлдан тартып Бишкектеги Россиянын элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алууну жандантат

30-июлдан тартып Бишкектеги Россиянын элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алууну жандантат. Россия жарандыгы жана чет элдик паспорт боюнча, ошондой эле нотариалдык документтерди бекитүү боюнча жарандар кабыл алууга жазылуу үчүн электрондук түрдө кезекке туруусу керек. Бирок Россияга кайтуу үчүн маалым кат алууну каалагандар жана жарандыгы бар… Кененирээк…

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт

Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуунун биринчи туру 30-июлда аяктайт. 3-августтан тартып колледждер окууга өткөндөрдүн тизмесин жарыялай башташат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Маалыматка ылайык,  6-августка чейин абитуриенттер орто кесиптик окуу жайында окуушунун каалоосун тастыктоого тийиш. Документтердин түп нускаларын студенттер о окуу жылдын… Кененирээк…

Учурда Кыргызстанда дары-дармектердин жетишсиздиги жок

Учурда Кыргызстанда дары-дармектердин жетишсиздиги жок. Буга вице-премьер-министр Аида Исмаилова ишендирүүдө. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп жатат. Азыр мамлекет тарабынан дары-дармек сатып алуу маселеси каралууда. Исмаилова белгилегендей, коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны жогорулаган учурда дарыларды алып-сатуу учурлары катталды. Мындан улам бейтаптар керектүү… Кененирээк…