Бишкекте коронавирус инфекциясын дарылоочу препараттарга дефицит жок

Бишкекте коронавирус инфекциясын дарылоочу препараттарга дефицит жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө жалпы суммасы 14 миллиард 300 миллион сомго медициналык каражаттар сатып алынды. Дарыкана түйүндөрүндө антикоагулянттар жана антибиотиктер жетиштүү деңгээлде. Учурда аймактарды препараттар менен камсыз кылуу аракети жүрүп жатат. Өлкө боюнча муктаждыкты жоюу үчүн августтун… Кененирээк…

Дүйнөдө туризм тармагынын ишмердүүлүгү ушул жылы 320 миллиард доллар жоготушу мүмкүн

Дүйнөдө туризм тармагынын ишмердүүлүгү ушул жылы 320 миллиард доллар жоготушу мүмкүн. Бул пандемиянын кесепеттери менен байланыштуу. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун божомолу боюнча, май айында чет өлкөлөргө саякаттаган туристтердин саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 98 пайызга кыскарды. Бул 2009-жылдагы экономикалык кризистин кесепетинен 3 эсе жогору.

“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары кадимки режимде ишин улантууда

“Коопсуз шаар” долбоорунун камералары кадимки режимде ишин улантууда. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка караганда, камера аркылуу дары-дармек, медициналык жабдуу жана оорулууларды ташыган унаалардын номерлери такталып жатат. Андыктан системанын ишин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүн эмес. Белгилеп кетсек, ордо калаада ыктыярчылар жакындарын ооруканага… Кененирээк…

Ордо калаада стационарлардын санын кыскартуу пландалууда

Ордо калаада стационарлардын санын кыскартуу пландалууда. Аларга муктаждык жаралса кайрадан ишин баштоого даяр. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мекемелерди жабуу маселеси республикалык ыкчам штабдын жыйынында каралды. Анда тармактык мамлекеттик органдарга медициналык кызматкерлердин айлык акысын жана компенсациясын өз мөөнөтүндө төлөп берүү тапшырмасы… Кененирээк…

Эми Нидерландыда бет кап тагынбай эле жүрсө болот

Эми Нидерландыда бет кап тагынбай эле жүрсө болот. Мындай сунушту өкмөт берди. Маалыматка караганда, бийлик коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн коргонуу каражаты жардам бербейт деген жыйынтык чыгарды. Анын ордуна жарандарды социалдык аралыкты сактоого үндөдү. Бирок ошол эле учурда бир катар Европа өлкөлөрүндө коомдук жайларда, көчөдө жарандар… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 30-июлдан 2-августка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда суу ташкындашы күтүлөт. Канал, арык жана суу өтүүчү түтүктөрдү өз мөөнөтүндө тазалоо жаратылыш кырсыктарын алдын алууга жардам берет.

Ордо калаанын медицина мекемелеринде иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр толугу менен берилет

Ордо калаанын медицина мекемелеринде иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр толугу менен берилет. Июль айында кызматкерлерге берилчү кошумча төлөмдүн суммасы 134 миллион сомду түздү. Буга катар адистердин ушул айдагы маянасы 171 миллион 300 миң сом деп белгиленди. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, коронавирус менен… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы мектеп пайда болот. Эки кабаттуу курулуш 225 окуучуга чакталат. Учурда анын биринчи кабаты салынып бүттү. Долбоордун жалпы суммасы дээрлик 61 миллион сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Билим берүү мекемеси ноябрда пайдаланууга берилип калат. Эске салсак, өткөн февраль айында Көө-Чаты… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда сел жүрдү. Кечээ катуу жааган жаандын кесепетинен Казарман айылында суу ташкындап 7 турак жайдын короолорун каптады. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук куткаруучулары жана техникалары тартылды. Учурда сел өтүүчү канал тазаланды. Иштер бүгүн да уланууда.

Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, бала бакча имараты оорукана иретинде пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Медициналык мекеме алдындагы имарат керектүү жабдуулар менен камсыздалып, шарттар түзүлдү. Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустун башка район-шаарлардан кайрылган жарандарын кабыл… Кененирээк…