Түркмөнстан эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту

Түркмөнстан коронавирус инфекциясына байланыштуу эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, сатып алынган авиабилеттер 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу экендиги белгиленет. Ал эми учпай калган рейстердин жүргүнчүлөрү акчаны кайтарып алуу үчүн арыз жазышат же каттамдардын жанданышын күтүшү… Кененирээк…

«Жети-Өгүз» командасы кум үстүндөгү футбол мелдешинин чемпиону болду

«Жети-Өгүз» командасы КГАФКиС командасын утуп, кум үстүндөгү футбол боюнча өлкөнүн кубогу үчүн мелдештин чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунун (КФС) маалымат кызматы кабарлады. «Жети-Өгүз» командасы ушуну менен үчүнчү ирет аталган турнирдин чемпиону болду. «Ысык-Көлдүн Тосор айылында бүгүн, 30-августта, өткөн финалдык беттеште «Жети-Өгүз» командасы Дене… Кененирээк…

Эртеңден тарта өзбекстандыктар Кыргызстан аймагына кире алат

Эртеңден тарта өзбекстандыктар Кыргызстан аймагына кире алат. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду.   Буга байланыштуу Өзбекстан 1-сентябрдан тартып инфекциянын жайылышы басаңдап, эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет.   21-августта Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана… Кененирээк…

Баткендин 22 орто мектебинде электрондук китепкана ачылды

Баткендин 22 орто мектебинде электрондук китепкана ачылды. Жаңычылдык “Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.   Китепканада кыргыз, орус жана англис тилдеринде адабияттарды тапса болот жана аларды Интернет байланышы жок эле колдонууга мүмкүн.   Окуучулар англис тили, математика, геометрия, тарых, физика, химия, көркөм… Кененирээк…

Ошто күндүзгү стационарлардын бардыгы жабылды

Ошто күндүзгү стационарлардын бардыгы жабылды. Акыркы 13 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылганын, облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Алардагы керебеттер, медициналык жабдуулар зыянсыздандырылып, убактылуу сактоого алынды.   Коронавирус пандемиясына байланыштуу аймакта жалпы 3 мин 600 орундуу 188 күндүзгү стационар ачылган.   Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени… Кененирээк…

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 29 жыл

Кыргызстан мурдагы СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына 29 жыл толду. 31-августта Эгемендик майрамы белгиленет. Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасына өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.   Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында… Кененирээк…

Бишкектеги кинотеатр ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүшүүдө

Бишкек шаарындагы кинотеатр ээлери 2-сентябрдан тарта иштөөгө уруксат берүүнү бийликтен өтүнүштү. Бул тууралуу Кинематография департаментинин сайтында айтылат. Мекеме кинотеатр ээлеринин премьер-министр Кубатбек Бороновго, экономика министри Санжар Муканбетовго, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Бишкек мэри Азиз Суракматовго жасаган кайрылуусун жарыялаган.   Киночулар март айындагы карантиндик… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарында жарык жок болот

Өлкөнүн айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” жана “Ош электр” ишканаларынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Чүй облусунун Беловодск айылында, Ош облусунун Кара-Кулжа айыл башкармалыгында жана Баткен облусунун Бирдик, Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында, ошондой эле Баткен шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы өчүрүлдү.… Кененирээк…

Баткен облусундагы 22 орто мектепте санариптик китепкана орнотулду

Баткен облусундагы 22 орто мектепте санариптик китепкана орнотулду. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, китепканадан беш тилдеги окуу куралдарын таап, интернетке туташпастан окуса болот. Мектеп окуучулары жана мугалимдер санариптик китепканаларга смартфон жана компьютер аркылуу кире алат. Китепканадан 8 предмет боюнча видеолекцияларды англис тилинде көрүү жеткиликтүү. Мындан… Кененирээк…

Өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда

Өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ өлкө боюнча 11 миң 850 чарчы метр имараттардын ичи-сырты, унаа жолдор дезинфекцияланды. Санитардык тазалоо иштерине 33 куткаруучу тартылган. Жумуштар Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында жүргүзүлдү. Белгилеп… Кененирээк…