Билли Айлиштин клибин бир сутка ичинде 4 миллион адам көрдү

Билли Айлиштин клибин бир сутка ичинде 4 миллион адам көрдү. Музыкалык тасма YouTube каналына жарыяланган. «My future» аталышындагы композициясына тартылган клипте ырчы өзүнүн келечегин сүйүп калып аны менен жолугуучу күндү күткөнүн баяндайт. Белгилеп кетсек, Билли Айлиштин бул чыгармасы январь айынан берки биринчи эмгеги. Ал карантин… Кененирээк…

FIFA Кыргызстандын футбол союзуна 1,5 миллион доллар каражат берет

FIFA Кыргызстандын футбол союзуна 1,5 миллион доллар каражат берет. Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, каражат FIFA уюмунун талабы боюнча кесипкөй жана кыздар футболу, жаштар жана массалык футболду камтыган футболдук жамааттарга грант жана насыя аркылуу берилет. Акчага дүйнөдөгү 211 федерация ээ болот. Мындан тышкары, федерациялар 5… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү 3-августта ачылат

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү 3-августта ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Дүйшөмбүдөн тарта Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана Лебединовка айылы жана Жеңиш проспектиси — 121Б дарегиндеги айдоочулук курамды каттоо боюнча бөлүм ишин жандантат. Ошондой эле Баткен аймактык бөлүмү менен… Кененирээк…

Боом капчыгайында жолго түшкөн таштар тазаланды

Боом капчыгайында жолго түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында тоо боорунан жолго чоң таштар түшүп, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. Жерине Балыкчы шаардык бөлүмдүн куткаруучулары тартылып, тазалоо иштери аткарылды. Учурда унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат.

Өкмөт Төө ашууда туннель куруу боюнча демилгени карап жатат

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Бишкек—Ош жолундагы Төө ашуу ашуусунда акы төлөнүүчү туннель куруу боюнча инвестициялык демилге талкууланган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. «Бишкек—Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төрт категория менен төлөнөт

Медицина кызматкерлерине кошумча каражат төрт категория менен төлөнөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирет. Анын айтымында, 1-июлдан тартып кооптуу зоналарда иштеген кызматкерлерге берилчү кошумча төлөм көбөйдү. Категориялар бөлүштүрүлүшүнө карай Казармалык режимде жана Адаттагы режимде иштегендер. «Тез жардам» кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 жугузуп алган адамды… Кененирээк…