Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылында 50 орундуу бала бакча пайда болот

Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылында 50 орундуу бала бакча пайда болот. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, курулушка сарптала турган негизги сумма 15 миллион сомду түзөт. Иштер ушул жылдын май айында башталган, учурда курулуштун 70 пайызы аяктады. Күтүлгөндөй ал уз айларында пайдаланууга берилип калат. Белгилеп кетсек, аталган аймакта буга… Кененирээк…

Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 вирусун дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат

Күз-кыш мезгилине карата COVID-19 вирусун дарылоо үчүн жалпы республика боюнча 5 миңдей орун даярдалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин  өкүлү Нургүл Ибраева билдирет. Анын айтымында, учурда “Семетей” обсервациясын толук кандуу түрдө жугуштуу оорулар бейтапканасына айлантуу аракети көрүлүп жатат. Эске салсак, анда бейтаптар үчүн 1 миңден… Кененирээк…

Кыргызстандагы бардык мектептер интернет менен камсыз

Кыргызстандагы бардык мектептер интернет менен камсыз. Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиевдин айтымында, учурда бийик тоолуу аймакта жайгашкан, интернет туташтырууга мүмкүн болбогон 31 мектеп бар. Бирок аларга электрондук китепкана, видеосабактар тартылган электрондук дисктер жеткирилди. Ушундай багыттагы иштерге каражат бөлүнүп,… Кененирээк…

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов билдиргендей, жаңы бейтапкананын курулушу үчүн мамлекеттик бюджеттен 12 миллион сом бөлүндү. Иштер бир айда жыйынтыкталат. Андан кийин мекеме пайдаланууга берилип калат, — деди Абдрахманов.

Нарын шаарында медициналык борбор курулат

Нарын шаарында медициналык борбор курулат. Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда жер аянты сатылып алынып, курулушту баштоо жумуштары жүрүүдө. Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат. Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзөт. Белгилеп кетсек, медициналык борбордун курулушу, Нарын облусунда 72… Кененирээк…

Чолпон-Атада түнкү барлар жабылат

Чолпон-Атада түнкү барлар жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаев билдирет. Анын айтымында, пансионаттарда коопсуздук алгоритми сакталышы кажет. Талаптарга баш ийбеген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө да чектөө киргизилет. Учурда облуста медициналык жабдуу жана препараттар жетиштүү деңгээлде. Жергиликтүү дарыгерлерге жардамдашуу максатында ордо калаадан адистердин тобу барган. Белгилеп… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болот

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча пайда болот. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, Жерге-Тал айылындагы мектепке чейинки даярдоо мекемеси 50 балага ылайыкташат. Курулуш иштерине чет элдик донорлор тарабынан 17,4 миллион сом бөлүп берилди. Курулуш иштер ушул айдын аягына чейин башталат. Имарат ноябрда пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери башталды

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоо иштери башталды. Жумуштар 1-августта старт алды. Күтүлгөндөй дарыянын жээгинде эс алуу жайы пайда болот. Ири долбоордун алкагында дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложолчо, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралган. Эс алуу жайынын жалпы узундугу дээрлик 5,5 чакырымды… Кененирээк…

Кыргызстандын панорамалык 3Д туристтик картасын түзүү пландалууда

Кыргызстандын панорамалык 3Д туристтик картасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу туризм департаментинин порталында жарыяланды. Маалыматка караганда, бул карта аркылуу фотоматериалды 360 градуста көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. 3Д сүрөттөр Туризм министрлигинин жана департаменттин сайттарындагы Google карталарга жайгаштырылат. Аталган долбоорго Ош, Жалал-Абад, ысык-Көл, Чүй жана Бишкектеги тарыхый-маданий жайлары… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат берүүчү портал иштелип чыкты

Кыргызстанда коронавирус тууралуу маалымат берүүчү портал иштелип чыкты. Жаңы ресурсту кыргызстандык IT-адистер негиздеди. Эми COVID.kg сайтынан мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билсе болот. Сайтта коронавируска каршы күрөшүү боюнча негизги маалыматтар киргизилип турат. Ошондой эле бардык суроолор боюнча кайтарым байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, порталда… Кененирээк…