Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди. TapОlogy спорттук басылмасынын версиясы боюнча жаңыртылган маалымат боюнча, Шевченко 58-орунду ээлеп турат. Рейтингде жалпысынан 224 спортчу бар. Рейтингдин биринчи сабында Жорж Сен-Пьер, андан кийин  Жон Жонс, үчүнчүдө Андерсон Силва жайгашат. Рейтинг ММА сүйүүчүлөрү тарабынан… Кененирээк…

Тайвандык  StarLux  авиакомпаниясы жүргүнчүлөргө эч кайда багыт албаган билеттерди сатууда

Тайвандык  StarLux  авиакомпаниясы жүргүнчүлөргө эч кайда багыт албаган билеттерди сатууда. Мындай каттам башка өлкөлөргө уча албай калган туристтерге карата уюштурулууда. Эми алар башка шаарлардын үстүнөн учуп, бирок жерге конбогон учактарга билет сатып алса болот. StarLux компаниясынан кошумчалашкандай, биринчи эле каттамга 200 жүргүнчүгө ылайыкташкан учактын билеттери… Кененирээк…

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Аны каржылоо маселеси чечилди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имараты да капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Кошумчаласак, учурда Бишкек жана Ошто 100 орундуу, Баткенде 90, Нарында 70 орундуу бейтапканалар курулууда.

Ош шаарында Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат

Ош шаарында Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат. Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 715 метр тилке оңдолуп, 1,5 чакырым тротуар кеңейтилет. Түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылып, IP-камералар орнотулат. Ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн эки тарабына дарак, гүлдөр отургузулуп көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары, отургучтар жана атайын унаа токтотуучу жайлар пайда болот.… Кененирээк…

Баткен облусундагы оорукананын оңдоп-түзөө иштерин 1 айдын ичинде бүтүрүү пландалууда

Баткен облусундагы оорукананын оңдоп-түзөө иштерин 1 айдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жаркынбек Максүтов билдиргендей, медициналык мекеме жугуштуу илдеттер ооруканасы катары ачылып, 90 орунга чакталууда. Долбоордун жалпы суммасы 12 миллион сомду түзөт. Учурда капиталдык ремонт иштерин 35 кызматкер жүргүзүп жатат.

Кыргызстанда шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат

Кыргызстанда шайлоо учурунда санитардык эрежелер сакталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, шайлоо тилкелеринде добуш берүүгө келген жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маалы менен имараттар дезинфекцияланат. Жарандар ортосундагы социалдык аралыктын сакталышы да көзөмөлдө болот. Учурда шайлоочулардын алдын… Кененирээк…

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 430 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине кошумча төлөм үчүн 430 миллион сом бөлүндү. Өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришкендей, акчалар коронавирустун очогунда иштеген кызматкерлерге июль айына карата төлөнүп берилет. Каржылоо мамлекеттик бюджет тарабынан ишке ашты. Эми сумманын 400 миллион сому милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна, калган 30 миллион сому саламаттыкты… Кененирээк…

Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы август айындагы бардык каттамдарын токтотту

Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Каттамдар буга чейин пландалып, ага билеттер сатылып кеткен. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды. Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот. Компаиядан түшүндүрүшкөндөй, бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Эске салсак, буга чейин Жарандык… Кененирээк…

Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлерге санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сом айып салынды

Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлерге санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сом айып салынды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, эреже бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү. Ошондой эле ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген, бирок жашыруун иштеп жүргөн компьютердик клубдар. Карантин жарыялангандан бери Санитардык-экологиялык инспекция тартабынан 289 протокол түзүлүп,… Кененирээк…

Жоголуп кеткен айдоочулук күбөлүктү кайра алуунун шарттары жеңилдеди

Жоголуп кеткен айдоочулук күбөлүктү жана унаанын мамлекеттик номерин кайра алуунун шарттары жеңилдеди. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, эми ал үчүн паспорт, айдоочунун ден соолугу тууралуу 083 формасындагы жана айдоочулук мектепти бүткөндүгү тууралуу маалым каттар, ошондой эле айдоочулук жеке картасы гана керектелет. Ал эми мамлекеттик номерди калыбына… Кененирээк…