Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9 дан кечки 6га чейин Көлбаев, Орозбеков, Мичурин, Пролетар, Батыр көчөлөрүндө, Тунгуч жана Чыгыш-5 кичи районунда, Дордой-2, Көлмө жана Ак-Босого конуштарында жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.