Россиядан Кыргызстандын 171 жараны учуп келди
Россиядан Кыргызстандын 171 жараны учуп келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кыргызстандыктарга Новосибирск – Бишкек багыты боюнча чартердик каттам уюштурулду. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси консулдук аркылуу түзүлдү. Бул каттам менен Россиянын 6 шаарындагы мекендештер өлкөгө жеткирилди. Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтаруу иштери уланууда.