Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт

Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт. Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөдө, стадиондордо концерт, театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат. Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары гана катыша алышат. Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбейт

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбейт. Кыргызстан футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов билдиргендей, Швейцариянын Федералдык саламаттык мекемеси биздин өлкөнү кооптуу мамлекеттердин катарына киргизген. Андыктан Инфантино Кыргызстан тизмеден чыккандан кийин келет. Эске салсак, Жанни Инфантино Кыргызстанга аба каттамдар ачылса келерин 10 күн мурда билдирген. Алгачкы… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында өлкөдөгү бардык 1-класстар мектепке барып билим алышат

Жаңы окуу жылында өлкөдөгү бардык 1-класстар мектепке барып билим алышат. Ал эми калган класстар аралыктан окутулат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, быйыл мектеп босогосун 156 миң бала аттайт. Сабак учурунда окуучулардын аралыгы сакталат. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окутуунун алгоритмдери иштелип чыгат.… Кененирээк…

Кыргызстанда эми бюджеттик эмес кызматкерлерге да ипотекалык насыя берилет

Кыргызстанда эми бюджеттик эмес кызматкерлерге да ипотекалык насыя берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын директору Элмира Абжапарова билдирди. Анын айтымында, бул максатта каражат алуу боюнча чет элдик банк менен келишим түзүлдү. Анын негизинде 10,5 миллион евро берилет. Бул акчанын эсебинен патент менен иштегендерге жана бюджеттен… Кененирээк…

Кочкор районунун  Жаңы-Жол айылындагы күндүзгү стационар ишин токтотту

Кочкор районунун  Жаңы-Жол айылындагы күндүзгү стационар ишин токтотту. Акыркы суткаларда бейтаптар кайрылбай калгандыгына байланыштуу стационар жабылып, дары-дармектер, медициналык жабдуулар комиссия аркылуу өткөрүлүп алынды. Буга чейин  мектепте 17 орундуу  күндүзгү стационар ачылган. Ал жерде 5 ыктыярчы эмгектенип, ооругандарга медициналык жардам көрсөтүлүп келген.

Москва районунун Беловодск айылында жөө жүргүнчүлөр үчүн  жер алдынан өтүүчү өтмөк пайда болот

Москва районунун Беловодск айылында жөө жүргүнчүлөр үчүн  жер алдынан өтүүчү өтмөк пайда болот. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, курулуштун узундугу 30 метрди түзөт. Өтмөк Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жайгашат. Иштер аяктагандан кийин базарга келген адамдар жолдон өтүүдө кыйналбай калат. Мындан тышкары трассада унаа тыгындары да азайышы мүмкүн.

Ашыкча салмагынан арылгысы келгендер тамактанбастан көп убакытка чейин ачка жүргөнү эң чоң ката болуп эсептелет

Ашыкча салмагынан арылгысы келгендер тамактанбастан көп убакытка чейин ачка жүргөнү эң чоң ката болуп эсептелет. Россиялык диетолог Анастасия Черных билдиргендей, ачка болгондо зат алмашуу жайлайт. Себеби организм стресске учурап, энергияны болушунча үнөмдөйт. Бул учурда адамдын организминен булчуңдун массасы менен суу кетет, бирок май калып калат.… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 304 бейтап сакайып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 304 бейтап сакайып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте — 18, Ош шаарында – 27, Чүй облусунда – 30, Ошто – 54, Таласта – 13, Нарында – 20, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абадда – 62 жана Баткен облусунда 41 бейтап вирустан… Кененирээк…

Бишкек мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка дарак тигүүгө чакырат

Бишкек мэриясы калаа тургундарын жаңы сейил бакка дарак тигүүгө чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы сейил бак шаардын түштүк тарабында жайгашкан. Каалоочулар жашыл акцияга катышса болот. Бул үчүн жарандар “Шаар сейил бактары” ишканасына кайрылышы керек. Белгилеп кетсек, эс алуу багынын жалпы аянты 10,5 гектарды түзөт. Буга чейин… Кененирээк…

Мектеп жана окуу жайлар үчүн китептер басылып чыкты

Мектеп жана окуу жайлар үчүн китептер басылып чыкты. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында китептер 18 аталышта жарык көрдү. Басылмалар 8 миң 409 нускада чыгарылды. Анын 7өө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, бирөө мектепке ылайык жана калган 10у орто… Кененирээк…