Германияда куурулган сосискалардын министри пайда болду

Германияда куурулган сосискалардын министри пайда болду. Ал колбаса формасындагы музейдин курулушуна көз салат. Чиновниктин элдин алдына алгачкы чыгуусу 31-октябрга белгиленди.   Бул күнү куурулган сосискалар музейинде театр коюлат. Министр аталган азыкты туура колдонуу боюнча мыйзамдарды чыгаруу ниетинде.

Кыргызстандыктарды августтун аягында узак эс алуулар күтөт

Кыргызстандыктарды августтун аягында узак эс алуулар күтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Быйыл 31-август, Кыргызстандын Эгемендүүлүк дүйшөмбүгө туура келет. Муну менен 5 күндүк иш графиги менен иштегендер 29-30-31-августта катары менен эс алат.

Ошто жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника сатылып алынды

Ошто жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника сатылып алынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бир эле учурда жолду өзү шыпырып, жууп кете турган техника колдонууга бүгүн берилди.   Алардын ошондой эле, кышында кар күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө “Ош-Тазалык” ишканасында атайын… Кененирээк…

Казакстан сегиз аймагында жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды

Казакстан сегиз аймагында жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды. Жергиликтүү ММКлар жазгандай, 15-августтан тарта Акмоло, Актөбө, Чыгыш Казакстан, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Караганда, Костанай жана Павлодар облустарындагы чектөөлөр алынды.   Ал эми Алматы, Атырау, Жамбыл, Кызылордо, Түштүк Казакстан жана Мангистау облустарындагы чектөө 31-августта… Кененирээк…

Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек

Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей,  1-августтан тартып учак каттамын жандантуу сунушу июлда жөнөтүлгөн.   Россия өкмөтүнөн абалды талдагандан кийин жооп бере турганын билдиришкен. Пандемияга байланыштуу мартан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон.… Кененирээк…

Шайлоочулар тизмеге өзгөртүүлөрдү 20-сентябрга чейин киргизе алат

Шайлоочулар тизмеге өзгөртүүлөрдү 20-сентябрга чейин киргизе алат.   Novosti.kgге БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүргөндөй, эгер жаран кандайдыр бир себептер менен шайлоо тилкесин өзгөрткүсү келсе, форма 2 арызын толтуруп, шайлоо участкасына кайрылышы керек.   Андан тышкары, tizme.gov.kg порталы аркылуу дагы өзгөртсө болот, болгону ага электрондук кол… Кененирээк…

Кыргызстандын колледждери дагы онлайн форматта ишин баштайт

Кыргызстандын колледждери дагы онлайн форматта ишин баштайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жеке жана мамлекеттик мекемелерге тиешелүү.   Окуу процесси  Zoom, WhatsApp, Skype платформаларын колдонуу менен уюштурулат. Учурга карата ведомство колледждерди методикалык жана техникалык жаткан камсыздап жатат. Эске салсак, ошондой эле онлайн форматта өлкөнүн… Кененирээк…

Алыскы Жазы-Кечүү айылына 50 жылдан бери алгачкы жолу электр энергиясы өткөрүлөт

Алыскы Жазы-Кечүү айылына 50 жылдан бери алгачкы жолу электр энергиясы өткөрүлөт. “Жалалабадэлектродон” билдиришкендей, учурда энергетиктер мамыларды орнотуп, зымдарды тартышууда.   Иштерди 1-сентябрга чейин аяктоо пландалып жатат. Белгилеп кетсек, Жазы-Кечүү айылы райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Айылда буга чейин жарык болгон эмес. Мектепте мугалимдер тыныгууну… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус менен абал жакшырууда

Кыргызстанда коронавирус менен абал жакшырууда. Бир сутка ичинде катталган оорулуулардын саны улам азайып жатат – акыркы көрсөткүч 155. Бул вирустан айыккандарга караганда 2 эсе аз.   Акыркы күндө 318 бейтап ооруканадан чыгарылды. Ал эми жалпылап алганда, Кыргызстанда 42 миңден ашык адам вируска кабылса, 35 миңи,… Кененирээк…

ОСАГО полисинин жок болгонуна байланыштуу жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү жылдырылды

ОСАГО полисинин жок болгонуна байланыштуу жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү жылдырылды.   Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документке ылайык, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын унаалары, ошондой эле 12 тоннадан ашык жүк ташуучу машнелер кийинки жылдын 1-январына чейин полистер менен камсыз болушу керек.   Эске салсак,… Кененирээк…