Нарын районунда Куланак каналы курулат

Нарын районунда Куланак каналы курулат. Президент аппаратынан билдиришкендей, буга чейинки насостук станция 48 жылдан бери колдонулуп, эскилиги жетти.   Андыктан, жаңы система менен иштей турган каналды куруу чечими кабыл алынган. Күтүлгөндөй, ал 5 миң гектар айдоо талааларын сугат суусу менен камсыздай алат. Долбоордун жалпы баасы… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу уланууда

Кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 191 кыргызстандык менен учак Ош аэропортуна конду. Мекендештерди жеткирүү үчүн Москва-Ош чартердик каттамы уюштурулган.   Алар студенттер, балалуу жана кош бойлуу аялдар. Чет мамлекеттерде калып калган кыргызстандыктарды кайтаруу тынымсыз жүрүүдө.

Бишкекте башаламан соодага каршы күрөш уланууда

Бишкекте башаламан соодага каршы күрөш уланууда. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Аламүдүн районунда 17-августтан  21-августка чейин “Соода” рейди жүргүзүлдү.   Анын алкагында көмүр, азык-түлүк жана күйүүчү май саткан түйүндөр алынды. Алар жол четинде жайгашып, унаа кыймылына тоскоолдук жаратышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен протоколдор түзүлүп, 30… Кененирээк…

Төртүнчү турдун жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү турунун жыйынтыгы менен 18 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, гранттык окутууга 5 миң 12 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 миң 87 абитуриент кабыл алынды. Өлкөдө жогорку… Кененирээк…

Өкмөт 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстан аймагына кирүүгө уруксат берди

Өкмөт 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстан аймагына кирүүгө уруксат берди. Алардын арасында Россия, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Германия, Италия, Латвия, Литва, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Түштүк Корея, Пакистан, Кувейт жана башка бир катар мамлекеттер бар.   Санэпидем көзөмөл борбору COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат

Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат.   Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөдөгү учуулардын негизги географиясы Россия менен байланыштуу. Азыркы тапта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.   Анда Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарлары тууралуу сөз… Кененирээк…

Быйыл Эгемендүүлүк күнү дагы онлайн форматта белгиленет

Быйыл Эгемендүүлүк күнү дагы онлайн форматта белгиленет. novosti.kgге Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинен билдиришкендей, иш-чара Ала-Тоо аянтында эртең мененки саат 10до театрлаштырылган концерттик программа менен башталат.   Кече майрамдык салют менен жыйынтыктала. Иш-чаранын жүрүшү мамлекеттик телеканал аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Бишкектин “Жал” кичи районунда 52 видео байкоо камерасы орнотулду

Бишкектин “Жал” кичи районунда 52 видео байкоо камерасы орнотулду. Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев билдиргендей, бардык камералар бир жерден башкарылат.   Бул кичи райондогу абалга көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзөт. Чыныбаев белгилегендей, Ленин районундагы эң эле маселе көп жаралган аймак — бул Ош базарынын айланасы. Былтыр… Кененирээк…

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым тургундары карыздар үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым тургундары карыздар үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. 24-августта “Чыгышэлектро” компания алдында карызы бар керектөөчүлөрдү электр энергиясынан өчүрүүнү пландап жатат.   Белгилүү болгондой, эки облустагы жалпы карыз 99 миллион 400 миң сомду түзөт. Ушул жылдын март айында “Чыгышэлектр” өкмөттүн сунушу менен… Кененирээк…

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу дарыгерлер жөнөтүлөт

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу дарыгерлер жөнөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, аталган эки аймакта эпидемиологиялык абал кооптуу. Абалды жакшыртуу үчүн облустар жогорку квалификациялуу адистерге муктаж.   Өкмөт башчы ошондой эле, Баткен менен Жалал-Абадды зарыл препараттар менен камсыздоону тиешелүү органдарга тапшырды.