Бишкектин Ленин районунда 1 миң 243 аз камсыздалган үй-бүлөгө көмүр тапшырылды

Бишкектин Ленин районунда 1 миң 243 аз камсыздалган үй-бүлөгө көмүр тапшырылды. Аталган райондун акими Чынасыл Чыныбаев билдиргендей, кара отунду сатып алууга 7 миллион сомдон ашык багытталды.   “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын линиясы менен 217 үй-бүлөгө 1,5 кубдан отун дагы тапшырылды.

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 мектептин курулушу аяктайт

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 11 мектептин курулушу аяктайт.   Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй жана Жалал-Абад облустарында 1 мектеп, Баткенде 1 окуу корпусу, Ошто 6 мектеп жана 2 окуу корпусу, Талас облусунда 1 мектеп жана 1 окуу корпусу колдонууга берилет.… Кененирээк…

Кыргызстанга 33 миң тонна буудай жеткирилди

Кыргызстанга 33 миң тонна буудай жеткирилди. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдиргендей, дан 411 миллион сомго Россиядан сатылып алынды.   Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Андан тышкары, жергиликтүү дыйкандардан 10 миң тонна буудай сатылып алынат. Каракулов белгилегендей, фонддогу азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого… Кененирээк…

Россиянын аскер медиктери Кыргызстандагы ишин аяктады

Россиянын Коргоо министрлигинин медицина кызматкерлеринин тобу Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүүдө комплекстүү жардам көрсөтүү миссиясын аяктагандыгын КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы билдирди. Бишкектеги жана Оштогу аскердик госпиталда бир ай бою пульмонолог, анестезиолог жана терапевттерден турган 19 медицина кызматкери 400дөн ашык бейтапка медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кыргызстандык кесиптештери… Кененирээк…