Антарктидада кинотеатр пайда болду

Антарктидада кинотеатр пайда болду. Аргентинанын изилдөө аймагында биринчи жолу кинотеатр ачылды. Анда Эл аралык тоо кинофестивалынын негизинде Антарктида жөнүндө тасма көрсөтүлдү. Кинозал 25 орундуу. Ал жерде Карлин базасынын илимий кызматкерлери тасмаларды көрө алышат. Буга чейин ал жерде кинотеатр болгон, бирок 2018-жылы ишин токтоткон.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 3 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт. Аймактын жол тейлөө ишканасынан билдиришкендей, учурда иштер Баетов, Ынакбеков, жана Манас көчөлөрүндө жүрүп жатат. Долбоордун жалпы суммасы 15 миллион 300 миң сомду түзөт. Каражат капиталдык салымдардын эсебинен бөлүнүп берилди.

Кытайда узак мөөнөттө изоляцияда болууга ылайыкташкан шаар пайда болот

Кытайда узак мөөнөттө изоляцияда болууга ылайыкташкан шаар пайда болот. Анда батирлер, кеңселер, дүкөн, базар, бассейн, өрт өчүрүү кызматы жана администрация орун алат. Мындай инфраструктура жашоочулар үчүн бир эле учурда жумуш орундары түзүлүп, эс алуу жана ресурстарды өндүрүү мүмкүнчүлүгү болот. Мындай өзгөчө шаарды негиздөөчүлөр баштан өткөн… Кененирээк…

Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча мектеп жана ЖОЖ мугалимдери үчүн тренингдер башталды

Кыргызстанда аралыктан окутуу боюнча мектеп жана ЖОЖ мугалимдери үчүн тренингдер башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анда педагогдорго онлайн-окутуунун ар түрдүү программалары жана аларды өтүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылууда. Тренингде ошондо эле мугалимдер өз алдынча видео сабактарды тартууну, аларды онлайн ресурстарга жүктөөнү жана онлайн сабак, экзамендерди уюштурууну… Кененирээк…

АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канынын плазмасын куюу менен дарылашат

  АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канынын плазмасын куюу менен дарылашат. Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министри Алекс Азар билдиргендей, дарылоонун мындай ыкмасы вирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа бериши ыктымал. Дарылоонун мындай түрү 70 миң америкалык тургунга колдонулуп, тажрыйбадан өттү.

Бишкек мэриясы ордо калаадагы чектөөлөр тууралуу эскертет

Бишкек мэриясы ордо калаадагы чектөөлөр тууралуу эскертет. Учурда ресторандарда массалык мааракелерди өткөрүүгө, түнкү жана караоке клубдардын иштөөсүнө, барларга, кальян сунуштоочу мекемелердин жана интернет клубдардын иш жүргүзүүсүнө уруксат жок. Ошондой эле кинотеатр, балдардын ойноо аянтчалары жана соода борборлорундагы фудкорт түйүндөрүнө уруксат бериле элек. Эске салсак, 20-августтан… Кененирээк…

Кыргызстан премьер-лигасынын 6-туру өттү

Кыргызстан премьер-лигасынын 6-туру өттү. Беттештердин алкагында “Каганат” “Илбирс” командасын 5:1 эсебинде жеңип алды. “Нефтчи” жана “Абдыш-Ата” 2:2 упай менен тең чыкты. “Дордой” “Алга” курамасын 2:0 эсебинде утуп алса, “Алай” командасы “Кара-балтаны” 1:0 менен жеңди. Жыйынтыгында турнирдик жадыбалда 16 упай менен “Дордой” лидер катары сап башында… Кененирээк…

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаторийге дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөк пул ала алышат

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаторийге дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөк пул ала алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, жолдомонун ордуна акча төлөө 3 тартипте жүргүзүлөт. Алар, 3 топтогу майыптарга беш жылда бир жолу бекитилген сумманын 30,50 жана… Кененирээк…

Ордо калаанын 5 миң тургуну карыздын айынан электр энергиясыз калышы ыктымал

Ордо калаанын 5 миң тургуну карыздын айынан электр энергиясыз калышы ыктымал. “Түндүк электр” ишканасы карызы бар керектөөчүлөргө жарык берүүнү аралыктан өчүрүүнү пландап жатат. Ыңгайсыздыктан арылуу үчүн төлөмдөрдү өз мөөнөтүнөн кечиктирбөө сунушталат. Белгилеп кетсем, электр энергиясына төлөмдөрдү банктык терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзсө болот.

Кыргызстандын 3 облусунда аймак аралык коомдук унаалардын иштешине уруксат бериле элек

Кыргызстандын 3 облусунда аймак аралык коомдук унаалардын иштешине уруксат бериле элек. Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары. Бул тууралуу novosti.kgге “Кыргыз автобекети” ишканасынын директору Максат Жумабаев билдирди. Ал белгилегендей, аталган аймактарда коомдук унаалар качан иштеп баштайт – бул жергиликтүү ыкчам штабдардын чечиминен көз каранды. Өлкө… Кененирээк…