Абайлагыла! Катуу шамал болот

Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады. «Катуу шамал жакынкы бир саат аралыгында, кечинде жана түндүн биринчи жарымында болушу ыктымал», — деп айтылат маалыматта. ӨКМ шаардыктар менен Чүй облусунун жашоочуларын сак болууга чакырды.  

Жол боюнда сатылып жаткан күйүүчү майды алуудан баш тартуу сунушталат

Жол боюнда сатылып жаткан күйүүчү майды алуудан баш тартуу сунушталат. Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, көчөдө соода кылгандардын айрымдары товарын АИ-92, 95 үлгүсүндөгү бензин катары сатат.   Бирок иш жүзүндө ал эң төмөн сапаттагы АИ-76 же 80 үлгүсүндөгү күйүүчү май болуп чыгат. Мындай отунду унаага колдонуу… Кененирээк…

Талас облусунун Кара-Ой айылында оорукананын оңдоо иштери 15-сентябрда аяктайт деп пландалууда

Талас облусунун Кара-Ой айылында оорукананын оңдоо иштери 15-сентябрда аяктайт деп пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.   Анын айтымында, эгер буга чейин медициналык жай 160 орунга чакталган болсо, кайра калыбына келтирүүдөн кийин 300 орун түзүлөт. Ошондой эле, 30 миллион… Кененирээк…

Мамлекеттен жеңилдетилген насыяны ишкерлерге берүү эрежеси жөнөкөйлөштүрүлдү

Мамлекеттен жеңилдетилген насыяны ишкерлерге берүү эрежеси жөнөкөйлөштүрүлдү. “Жеке ишкерлик субъектилерин каржылоо” программасына өзгөртүлөрдү өкмөт киргизди.   Ага ылайык, каржылык колдоону туризм, жеңил өнөр-жай, фармацевтика, жүк ташуулар, билим берүү, соода жана айыл-чарба тармактарында иш алып баргандар ала алат. Насыялар коммерциялык банктар аркылуу күрөөсүз берилет.

Эмоционалдык жактан жеңилдеп алыш үчүн жөн гана кыйкыруу сунушталат

Эмоционалдык жактан жеңилдеп алыш үчүн жөн гана кыйкыруу сунушталат. Психиатр Юрий Вяльба билдиргендей, бирок айланадагыларга тоскоолдук жаратпаш үчүн токойго, тоого чыгып же үйдө эч ким жокто кыйкырыш керек.   Мындай учурда адамдын ичиндеги терс эмоциялар чыгып кетет. Мындай ыкма ири маселелерди чечпесе дагы, жеңилдик алып… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Сай жайлоосуна кар жаады

Нарын облусунун Ак-Сай жайлоосуна кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде жаап баштаган жаан түндө карга айланды.   Учурда анын калыңдыгы 3-5 сантиметрге дейре жетип калды. Мал жайлоодон түшө электигине байланыштуу, мындай аба-ырайы малчыларга кыйынчылыктарды жаратууда.

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миңден ашты

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 451 миңден ашты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды.   Жарандар бул порталдан өздөрүн тизмеден тактап алса болот. Шайлоочулар   2015-жылы алтынчы чакырылыштагы парламентти шайлоого караганда быйыл              667 миң 746 кишиге көбөйдү, —… Кененирээк…

Өзбекстан Кыргызстандан келген жарандарды  карантинге албайт

Өзбекстан Кыргызстандан келген жарандарды  карантинге албайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бирок ПЦР анализдин таза жыйынтыгын көрсөтүү керек болот. 1-сентябрдан тартып эки өлкөнүн ортосундагы унаа каттамдарына салынган чектөө алынып, бирок санитардык-гигиеналык талап күчөтүлдү.   Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан Өзбекстандан келген жарандар дагы карантинге… Кененирээк…

Кафе-ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек

Кафе-ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тиешелүү органдарга берди.   Өкмөт башчы белгилегендей, адистердин божомолу боюнча коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну ноябрь айында болушу мүмкүн.   Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы,… Кененирээк…

Республиканын тоолуу районунда сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу районунда сел жүрүү коркунучу бар. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай коркунуч 6-сентябрга чейин сакталат. Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.   Андыктан, жарандарга этият болуу сунушталат.