Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев туннелинде убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев туннелинде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, 30-сентябрга чейин туннелдин ичине видеокамералар орнотулат.   Андыктан, эртең мененки саат 8ден 9 жарымга чейин жана күндүзгү саат 2ден 3 жарымга чейин унаалар өткөрүлбөйт. Айдоочуларга түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.

Өзгөн районунда 300 гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыз кыла турган канал курулууда

Өзгөн районунда 300 гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыз кыла турган канал курулууда. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, анын жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт.   Ал Ана-Кызыл айылында пайда болот. Курулуш иштери ушул айдын аягында жыйынтыкталат деп пландалууда. Кийин мындай каналдар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.

9 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди

9 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыялар берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген каражаттын жалпы суммасы 3,5 миллиард сомду түзөт.   Насыянын басымдуу бөлүгү өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына багытталды. Андан тышкары, каржылык колдоону кайра иштетүү тармагындагы ишканалар алышты.

Кыргызстанда өрт чыгуу учурлары азайды

Кыргызстанда өрт чыгуу учурлары азайды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шул жылдын 8 айында өлкөдө 1 миң 477 тилсиз жоо катталды. 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул дээрлик 2 эсе аз.   Куткаруучулар жарактан чыккан электр жабдууларын колдонуудан баш тартууга чакырып, балдарды байкоосуз калтырбагыла дешет.… Кененирээк…

Экстремисттик топко таандык ири онлайн китепкана табылды

Лондондогу Стратегиялык диалог институту “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна (ИМ) таандык ири электрондук китепкананы таап чыкты. Бул тууралуу аталган институттун изилдөөчүлөрү Британиядагы BBC корпорациясына билдиришти.   Маалыматка ылайык, “Халифаттын кэши” деген ат берилген бул китепканада 90 миңден ашык экстремисттик мүнөздөгү материалдар бар. Сайтка ай сайын 10… Кененирээк…

Филиппе Коутиньо  “Бавария” клубунан  “Барселонага” кайтып келди

Филиппе Коутиньо  “Бавария” клубунан  “Барселонага” кайтып келди.   28 жаштагы бразилиялык футболчу “Бавария” клубунда жалпы 38 оюн өткөрүп,   11 гол киргизген. Клуб менен чогуу ал Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алды.

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация берилди

Кыргызстанда коронавирустан каза тапкан 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат, — деди  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.   Анын айтымында, учурда иш учурунда вирус жугузуп алган медицина кызматкерлерден келген 800 документ каралууда.   Өкмөттүн чечими… Кененирээк…

Бишкекте Горький атындагы эс алуу багын кайра калыбына келтирүү жыйынтыкталды

Бишкекте Горький атындагы эс алуу багын кайра калыбына келтирүү жыйынтыкталды. Паркта жаңы таман таштар төшөлүп, ирригациялык тармак жаңыртылды. Көчө жарыгы, отургучтар жана таштанды челектери орнотулду.   Эс алуу багын калыбына келтирүүгө 7 миллион сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда быйыл 80 айыл таза сууга мүмкүнчүлүк алат

Кыргызстанда быйыл 80 айыл таза сууга мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата түтүктөрдү орнотуу боюнча иштер 15 айылда жыйынтыкталды.  Калган айылдарда жумуштар уланууда. Калкты таза суу менен камсыз кылууга каражат мамлекеттик… Кененирээк…

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстанда коронавирустун кеңири  жайылуу себебин иликтеп жатат

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстанда коронавирустун кеңири  жайылуу себебин иликтеп жатат. Ведомстводон белгилешкендей, январдан июлга чейин 8 отурум өткөрүлүп, аларда мамлекеттик органдарга сунуштар берилген.   Андан кийин Коопсуздук кеңеши алардын ишке ашуусун көзөмөлгө алган. Учурда адистер мамлекеттик органдардын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын эмне себептен даярдыгы жок… Кененирээк…