Кыргызстанда сентябрь айынын аягында курч респиратордук вируска каршы эмдөө башталат

Кыргызстанда сентябрь айынын аягында курч респиратордук вируска каршы эмдөө башталат. Республикалык штабдан билдиришкендей, учурда вакцина сатып алынды. Аны өлкөгө жеткирүү кампаниясы ноябрдын аягына чейин жүргүзүлөт. Препараттар республиканын бардык облустарына бөлүштүрүлүп, эмдөө иштери Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жасалат. Калктын аярлуу катмарына эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Өз каалоосу менен… Кененирээк…

«​​Apple» компаниясы бир күндө 180 миллиард долларга арзандады

«​​Apple» компаниясы бир күндө 180 миллиард долларга арзандады. Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, бул – тарыхта алгачкы ирет компаниянын наркынын рекорддук төмөндөшү. Бирок ага карабастан, «Apple» компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы дагы эле 2 триллион доллардан ашык. Мындан сырткары «Facebook» компаниясынын акциялары 3,8 пайызга төмөндөдү. Ал эми «Alphabet» холдингинин… Кененирээк…

Ош облусунда курулуп жаткан оорукана жакынкы күндөрү ишке берилет.

Ош облусунда курулуп жаткан оорукана жакынкы күндөрү ишке берилет. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлү Байыш Юсупов билдирди. Анын айтымында, Баш-Булак айылында 150 орундуу оорукананын курулуш иштери аяктап, ачылуу алдында турат. Учурда оорукана керектүү медициналык аппарат жана жабдуулар менен камсыздалууда.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады

Жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 150гө жакын мектепте ысык тамак бериле баштады. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ысык тамак 100гө жакын мектепке Дүйнөлүк программанын  алкагында, ал эми 50 мектепте ата-энелер тарабынан уюштурулду. Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, 249 мектепке байытылган ун жеткирилди. Белгилеп… Кененирээк…

Индиянын Бангалор шаарында уктап иштей турган кызматкерлер талап кылынат

Индиянын Бангалор шаарында уктап иштей турган кызматкерлер талап кылынат. Мындай орунга келе турган адамдан бир гана күндүз 9 сааттан уктоо талап кылынат. Муну менен бирге бардык социалдык тармактарга кирүүдөн баш тартуу, курамында кофеин бар суусундуктарды ичпөө жана уктоо режими тууралуу күндөлүк ачуу керек. Бул кызмат… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Аларды ачуу чечимин шаардык штаб кабыл алды, — дешти калаа мэриясынан. Маалыматка ылайык, бала бакчаларда санитардык эрежелер так сакталып, бир тайпада балдардын саны 12ден ашпашы керек. Вирустун жайылышын алдын алуу максатында балдардын санына чектөө киргизилет. Ал… Кененирээк…

Баткен районунун Сай айылындагы мектепке кошумча корпус пайда болот

Баткен районунун Сай айылындагы мектепке кошумча корпус пайда болот. Бул тууралуу облус жетекчисинин орун басары Жаркынбек Максүтов билдирди. Маалыматка караганда, иштердин 70 пайызы аткарылды. Учурда карантинге байланыштуу курулуш иштери токтоп турат. Долбоордун сметалык баасы 41 миллион 700 миң сомду түзөт. Мектепте 345 окуучу билим алат.

Ордо калаада жаңы «Ак кула» ат майданы курулат

Ордо калаада жаңы «Ак кула» ат майданы курулат. Бишкек мэриясы долбоорду иштеп чыгууга тендер жарыялады. 73 жыл мурда курулган ипподром учурда авариялык абалда. Техникалык тапшырма мамлекеттик сатып алуулар сайтында күндүн аягына чейин жарыяланат. Белгилеп кетсек, узак убакытка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин ат майдан мэриянын балансына өткөн. Учурда айрым… Кененирээк…

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы өз ишин баштады

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы өз ишин баштады. Миссиянын жетекчиси Томас Бозеруп билдиргендей, Бишкекте иштеген курамда 12 эксперт болот. Мындан тышкары 11-сентябрдан тартып жер-жерлерде узак мөөнөттүү 18 байкоочу иштеп баштайт. Миссия Кыргызстандын уюм алдындагы жана эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышына, демократиялык шайлоо өткөрүү стандарттарынын… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети ишин жандантты

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, түйүн таңкы саат 8ден кечки 6га дейре ачык болот. Андан адамдар, унаалар, жүк, товар жана жаныбарлар өткөрүлөт. Ведомстводон эскертишкендей, электрондук виза боюнча өткөрүүгө уруксат берилбейт.