Криштиану Роналду үй-бүлө курат

Футбол боюнча Португалия курамасынын жана италиялык “Ювентустун” форварды т. Спортчу бир нече жылдан бери бирге жашап келген Джорджина Родригеске расмий түрдө үйлөнүү сунушун киргизди. Алардын ортосунда Алана Мартина аттуу кызы бар. Ал 2017-жылы төрөлгөн. Ушул эле жылы суррогат эне Роналдуга 2 эгиздерди төрөп берген. Ал… Кененирээк…

Парламенттик шайлоого карата 25 эл аралык байкоочу каттоодон өттү

Парламенттик шайлоого карата 25 эл аралык байкоочу каттоодон өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан, бешөө КМШ, экөө Молдованын Боршайкомунан. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышууга 15 саясий партия ат салышууда, аларда 1 миң 912 талапкер бар.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү. Июль айынын аягына карата маалыматты Каржы министрлиги берди. Бересенин басымдуу бөлүгү ар багыттагы жеңилдетилген насыялар. Мындан тышкары, биздин өлкө бересенин 1 миллиард 776 миллион долларын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Белгилеп кетсек, июль айында мамлекеттик карыз ар… Кененирээк…

Электр энергиясына жана жылуулукка болгон тариф 2022-жылга чейин өзгөрбөйт

Электр энергиясына жана жылуулукка болгон тариф 2022-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Ага чейин чыгашаларды, энергетика тармагындагы жоготууларды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Мындан тышкары балдар үйү үчүн электр энергиясынын тарифтери арзандатылды. Тагыраагы 1 кВт/сааттын баасы 2 сом 24 тыйындан 1 сом 58… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда долбоордун сметалык документтери даярдалып жатат. Ал 10 күндүн ичинде даяр болот. Мындан кийин ал жактырылат. Андан кийин каржы булагын издөө башталат. Кошумчаласак, Раппопорт аллеясы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чолпон-Ата шаарына жакын унаа жолунун боюнда жайгашкан. Жалпы… Кененирээк…

Бишкектеги инфекциялык оорукананын курулушу 75 пайызга аяктады

Бишкектеги инфекциялык оорукананын курулушу 75 пайызга аяктады. Имарат тез тургузулуучу конструкция менен салынууда. Тагыраагы анда кыш колдонулган жок. Медициналык мекеме суукта тоңуп, аптапта ысып кетпеши эске алганды. Эске салсак, ордо калаадагы 100 орундуу оорукананын курулушу 25-августта аяктары айтылган. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жаңы корпусту салууда… Кененирээк…

Кыргызстанга вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда алынып келет

Кыргызстанга вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда алынып келет. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, бул максатта 221,5 миллион сом керектелет. Бул суммага 700 миң вакцина сатып алынат. Муну менен бирге 20 пневмококктун вакцинасы сатылып алынат. Эмдөө биринчи кезекте балдарга, мугалимдерге, калктын аярлуу катмарына жана дарыгерлерге жүргүзүлөт.

Бишкектин 4 көчөсүндө убактылуу чектөөлөр бар

Бишкектин 4 көчөсүндө убактылуу чектөөлөр бар. “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынан novosti.kgге билдиришкендей, учурда иштер Үсөнбаев, Бобулов, Ибраимов жана Пушкин тилкелеринин бир бөлүгүндө аткарылууда. Иштер жыл аягына чейин бүтүп калат. Мындан улам айдоочуларга ыңгайсыздык жаралбаш үчүн каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Ош шаарындагы Нариман мектебине кошумча корпус курулууда

Ош шаарындагы Нариман мектебине кошумча корпус курулууда. Калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров novosti.kgге билдиргендей, билим берүү мекемеси 500 орунга чакталат. Курулушка каражат бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүп берилди. Объектини жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Калктын респиратордук вируска каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет

Калктын респиратордук вируска каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо мекемелери күзгү-кышкы сезонго карата эмдөөгө даярдалууда. Вакцинация сентябрдын ортолорунда башталат. Штабдан белгилешкендей, анын ден-соолукка зыяны жок. Эске салсак, эмдөө алгач балдарга, мугалимдерге, калктын аярлуу катмарына жана… Кененирээк…