Кыргызстанда 5 миңге жакын ишкер 3 миллиард 200 миллион сом жеңилдетилген насыя алды

Кыргызстанда 5 миңге жакын ишкер 3 миллиард 200 миллион сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирет. Анын айтымында, мындай насыяларды берүүгө жалпысынан 4,5 миллиард сом бөлүнгөн. Анын 2 миллиард сому коммерциялык банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы… Кененирээк…

Япониядагы суши-ресторандын ээси өзгөчө таасирдүү тамак жеткирүү кызматын ойлоп тапты

Япониядагы суши-ресторандын ээси өзгөчө таасирдүү тамак жеткирүү кызматын ойлоп тапты. Эми курьерлердин жумушун анын бодибилдер достору аткарат. Эми буйрутма бергендер бир гана сүйүктүү тамактарын албастан, өзгөчө дене түзүлүшкө ээ болгон кызматкерлерди да көрө алышат. Кардардын каалоосуна жараша сүрөткө түшсө да болот. Бирок мындай иш-аракеттер аралыкты… Кененирээк…

Ордо калаадагы Тыналиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат

Ордо калаадагы Тыналиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Масалиев көчөсүнөн Ахунбаевге чейинки жээкте иштер аткарылууда. 8-сентябрга карата 5 миң чарчы метр жерге көк майсан себилди. Бул жер алгач шагыл, таштандылардан тазаланып, топурак түшүрүлүп түздөлдү. Эске салсак, бул жердеги ирригациялык тармак пайдаланууга… Кененирээк…

Ош шаарындагы жаңы оорукана жакынкы аралыкта курулуп бүтөт

Ош шаарындагы жаңы оорукана жакынкы аралыкта курулуп бүтөт. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиктин директору Урматбек Көкөчаров билдирет. Анын айтымында, жаңы оорукана 100 орундуу болот. Долбоорго ылайык, медициналык мекеме 3 бөлүмдөн турат. Объектини ушул жылдын октябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Имарат тез тургузулуучу конструкция… Кененирээк…

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып эл аралык донорлордон 338 миллион доллар алды

Кыргызстан COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып эл аралык донорлордон 338 миллион доллар алды. Анын басымдуу бөлүгү — насыя. Акчанын 207 миллион доллары сарпталды. Калган 131 миллион доллар Улуттук банктын эсебинде турат. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев белгилегендей, коронавирус басаңдап калгандыктан акча калкты таза суу менен камсыз кылууга, жолдорду… Кененирээк…

Криштиану Роналду Европада өзүнүн курамасы үчүн 100 гол жараткан алгачкы оюнчу болду

Криштиану Роналду Европада өзүнүн курамасы үчүн 100 гол жараткан алгачкы оюнчу болду. Ал эми дүйнө боюнча мындай көрсөткүчтүн сап башында ирандык бомбардир Али Даеи турат. Анын карамагында 109 топ бар. Роналду өзүнүн 100үнчү жана 101инчи голун Португалиянын курамасы үчүн Улуттук лигада Швеция менен беттешкенде жаратты.… Кененирээк…

Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда

Нарында инфекциялык оорукананын курулушу уланууда. Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык мекеме 70 орунга чакталат. Аталган оорукана толугу менен жаңыдан салынууда. Буга аймакта оңдоп-түзөөгө ылайыктуу мекеме жок болгону себеп болду. Учурда объектиде 50 адам иштеп жатат. Курулушка каражат мамлекеттен бөлүнүп берилди.

Бишкек ЖЭБи жылуулук берүү сезонуна 80 пайыз даяр

Бишкек ЖЭБи жылуулук берүү сезонуна 80 пайыз даяр. Бул тууралуу жылуулук борборунун директору Андрей Воропаев билдирет. Анын айтымында, учурда объектиде оңдоп-түзөө жумуштары аткарылып жатат. Аларды 1-ноябрга чейин бүтүрүү пландалууда. Воропаев белгилегендей, иштер тынымсыз жүрүүдө, жылуулук берүү сезону графикке ылайык өз мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилет.

Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз ташыган кылмыштуу схема аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, машинелерди мыйзамсыз ташып келүүдөн мамлекеттик бюджет 258 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Бул иш боюнча 113 материал табылды. Унаалар жасалма декларациянын негизинде жок адамдарга, түрмөдө отурган кишилерге машинени мыйзамсыз каттаган фактылар бар. Иштер Экономикалык… Кененирээк…

Кыргызстанда Комуз күнү белгиленип жатат

Кыргызстанда Комуз күнү белгиленип жатат. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,0 7-сентябрдан 13үнө чейин Комуз жумалыгы деп жарыялаган. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу жумалыкка арналган иш-чаралар онлайн форматта өтүп жатат. Аларды телеканал жана Маданият министрлигинин «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирде көрсө болот. Белгилеп кетсек, 2019-жылы Кыргызстанда 9-сентябрь Комуз күнү… Кененирээк…