АКШнын Орегон штатындагы токойдо өрт чыкты

АКШнын Орегон штатындагы токойдо өрт чыкты. Жүздөгөн турак-жайлар жараксыз абалда. Каза тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок. Губернатор Кейт Браун билдиргендей, учурда куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөшүп жатат. Эске салсак, штатта 7-сентябрда өрт тутанып, катуу шамалдан улам тез жайыла баштаган. Учурда 5 шаарда куткаруу иштери жүрүп… Кененирээк…

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландалууда

Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландалууда. Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, калаага түз кирүүчү жолду куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки вариант иштелип чыккан, документ Экономика министрлигинин кароосуна жиберилди. Бул өз кезегинде Ош-Бишкек трассасында каттала турган унаа тыгындарын азайтууга мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкектин 186 медицина кызматкери эс алышат. Алардын арасында илдеттин очогунда иштеген дарыгер, медайым, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар.

Англиядагы ресторанда 12 киллограммдык бургер жасалды

Англиядагы ресторанда 12 киллограммдык бургер жасалды. Анын калориясы кадимки 56 гамбургердикине барабар. Анын бир эле сыр бөлүгүндө 2 миңден ашык калория бар. Мындан тышкары анда 10 киллограммдык котлет коюлган. Мындай гигант-бургер менюда жумасына бир ирет жайгаштырылат. Анын баасы 40 долларды түзөт. Кызыгы, эгерде кардар даамды… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги Баткенде үйүндө окуучуларга сабак өткөн мугалимге ноутбук ыйгарды

Билим берүү министрлиги Баткенде үйүндө окуучуларга сабак өткөн мугалимге ноутбук ыйгарды. Ал Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимова. Эске салсак, мындан эки күн мурда интернетте окуучулардын үйдө билим алып жаткан сүрөтү тараган. Педагог ата-энелердин суранычы менен кайтарым байланыш каражаттарын окуучуларга түшүндүрүп берүү… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда жакынкы аралыкта заманбап оорукана ачылат

Ош облусунун Кара-Суу районунда жакынкы аралыкта заманбап оорукана ачылат. Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, медициналык мекеме Баш-Булак айылындагы 3 кабаттуу, №64-кесиптик лицейдин базасында пайда болот. Объекти 150 орунга чакталат. Имараттын чатыры жана жылуулук системасы толугу менен оңдолду. Учурда жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Иштерди 100дөн… Кененирээк…

Калаа бийлиги Бишкек аттуу балага белек ыйгарды

Калаа бийлиги Бишкек аттуу балага белек ыйгарды. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 8 жаштагы Бишкек Табылдиев Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында жашайт. Ал 2-класстын окуучусу. Билим берүү онлайн форматында болуп жаткандыктан, ага мэрия тарабынан сыналгы жана смартфон белекке берилди. Кошумчаласак, баланын аты Бишкек баатырдын ысымынын урматына… Кененирээк…

Өзгөндө 75 орундуу жаны бала бакча пайда болот

Өзгөндө 75 орундуу жаны бала бакча пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, курулуш иштерине карата тендерди Өзгөн мэриясына караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жарыялады. Курулушка 21 миллион сом жумшалышы күтүлүүдө. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси “Мажүрүм тал” кварталындагы Амир Темур атындагы мектептин аймагында салынат.

“Улуттук электр тармактары” ишканасы 2 автотрансформатор сатып алат

“Улуттук электр тармактары” ишканасы 2 автотрансформатор сатып алат. Ишкананын басма сөз кызматынан novosti.kgге билдиришкендей, жабдуулар үчүн 180 миллион сомго тендер жарыяланды. Сынактык арыздар бүгүн ачыкталат. Андан кийин жеңүүчү аталган компания иштерди жүргүзө баштайт. Автотрасформаторлор “Ала-Арча” жана “Узловая” көмөк чордондоруна орнотулат.

Кыргызстан калкынын 24 пайызы электр энергиясына туруктуу негизде кошулган эмес

Кыргызстан калкынын 24 пайызы электр энергиясына туруктуу негизде кошулган эмес. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, негизинен өлкө электр тармактарына дээрлик толук түрдө кошулган. Бирок айрым жерлер туруктуу камсыздалбай келет. Буга карабай өлкө калкынын 5/1 бөлүгү жылуулук жана тамак аш даярдоо боюнча отунду… Кененирээк…