Тайландда учактын ичинде кафе ачылды
Тайландда учактын ичинде кафе ачылды. Авиакомпания жарактан чыккан аба кемесин кафеге айлантты. Ага кирип көккө учууга болбойт, бирок борттун ичинде чай-кофе ичсе болот. Кардарлар учактын отургучтарына жайгаштырылып, аларды стюардессалар тейлейт. Болгону, кафеге билет менен гана кирүүгө болот. Өзгөчө кафе жергиликтүү калк арасында популярдуу болууда.