Американын тургуну 20 жылдан бери лотерея билеттерин сатып алып, эми утушка ээ болду

Американын тургуну 20 жылдан бери лотерея билеттерин сатып алып, эми утушка ээ болду. Ал дайым сатып алган билеттеринде сандардын бир гана айкалышын тере берген.   Бул сандар акыры эркекке ийгилик  алып келди. Ал 2 миллион доллардын ээси болуп калды. Акчанын бир бөлүгүн ал дароо жаңы… Кененирээк…

YouTube кыска видеолорду тартуу үчүн өзүнүн сервисин ишке киргизет

YouTube кыска видеолорду тартуу үчүн өзүнүн сервисин ишке киргизет. Колдонуучулар анда 15 секунддан ашпаган роликтерин жайгаштыра алат. Тиркемеде видеого музыка, ырларды кошуп, бир нече видеону дагы бириктирип монтаждоого мүмкүн.   Жаңычылдык алгач Индияда, андан кийин башка өлкөлөрдө дагы жеткиликтүү болот.   Белгилеп кетсек, кыска видеолор… Кененирээк…

Бала бакчаларды ачуу боюнча чечим жакынкы арада кабыл алынат

Кыргызстан бийлиги муниципалдык бала бакчаларды ачуу маселесин козгоду. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурда бул суроону Республикалык штаб карап жатат. Атайын комиссия бардык райондордогу мектепке чейинки билим берүү мекемелерин санитардык нормалардын сакталышына текшерүүдө.   Бала бакчаларды ачуу боюнча чечим жакынкы арада кабыл алынат. Өкмөт башчы белгилегендей,… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде  жер массасы дагы эле жылып жатат

Кара-Кече көмүр кенине жакын жерде  жер массасы дагы эле жылып жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен окуя болгон жерге жаңы айланма жол салынат.   Трассанын узундугу болжол менен 3,5 чакырым болот, куруу иштерине техника Ат-Башы районунан… Кененирээк…

Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн ташылган товарлар салыктан бошотулду

Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн ташылган товарлар салыктан бошотулду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.   Андан белгилешкендей, кеп жеке коргонуучу каражаттар, компьютердик томография, медициналык максатта колдонулуучу унаалар жана хирургиялык эмеректер тууралуу болуп жатат.   Кошулган суммага салыктардан бошотуу системасы ушул жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Парламенттик шайлоолорго байкоочулар кеңеши түзүлүп жатат

Парламенттик шайлоолорго байкоочулар кеңеши түзүлүп жатат. Процесс тууралуу кененирээк БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтып берет.   “Мурда биздин шайлоолорго абдан көп киши келчи, 750дөн ашык, 56 уюмдан келчи. Биз азыр деле көп уюмдардан байкоочуларды чакырдык. Эң биринчиден Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунан. Шайлоого даярдык боюнча… Кененирээк…

Жумгалда көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду

Жумгалда көчкү жүрүшүнө жаан-чачын себеп болду, жабылып калган жолду тазалоого бир жума талап кылынат. Бул тууралуу “Азаттыкка”  “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.   Эске салсак, кечээ Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Жыйынтыгында, Дыйкан айылын “Кара-Кече” көмүр кенинин “Борбордук” деген тилкеси менен байланыштырган стратегиялык жол тосулуп… Кененирээк…

Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке барып окуп калышы мүмкүн

Кыргызстанда окуучулар октябрдан тарта мектепке барып окуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, ага чейин өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташса, мектептер салттуу окуу форматына кайтып келет.   Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу, өлкөнүн билим берүү мекемелери марттан тарта аралыктан окутуу… Кененирээк…

Лионель Месси жылдын эң көп каражат тапкан футболчусу аталды

“Барселонанын” форварды Лионель Месси жылдын эң көп каражат тапкан футболчусу аталды. Forbes басылмасынын версиясы боюнча, 33 жаштагы спортчу бир жылда 126 миллион доллар тапты.   Анын 92 миллиону каталондук клубдагы маянасы болсо, 34 миллион жарнамалык келишимдерден түштү. Экинчи орунда анын ар дайымкы атаандашы Криштиану Роналду… Кененирээк…

Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке  компьютер жана функционалдуу жабдуулар  берилет

Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке  компьютер жана функционалдуу жабдуулар  берилет. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, демилге Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашат.   Максаты — мугалим менен окуучунун санариптик байланышын жогорулатуу.   Ар бир класска 15тен компьютер,… Кененирээк…