Синоптиктер октябрда кандай аба-ырайы күтүлө турганын айтып беришти

Синоптиктер октябрда кандай аба-ырайы күтүлө турганын айтып беришти. Күздүн экинчи айында республиканын түндүгүдө термометр мамычалары күндүз +26, түнкүсүн +2…7 градусту көрсөтөт.   Ал эми түштүктө күндүз 27 градуска чейин ысыса, түнкүсүн +3 градустан 8ге чейин жогорулайт.   Жаан-чачын нормадан бир аз ашышы мүмкүн, — дешти… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасы унаалар үчүн дале жабык

Кыргыз-казак чек арасы унаалар үчүн дале жабык. Бул тууралуу казакстандык ММКлар Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме келтирип жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, өткөрүү түйүндөрүн ачуу суроосун ведомство аралык комиссия жана башкы санитардык дарыгер карап, чечим чыгарат.   Азырынча эки өлкө ортосунда аба каттамдарды гана жандантуу каралууда. Биринчи… Кененирээк…

Россиянын рекорддор китебине 66 жаштагы эркек кирди

Россиянын рекорддор китебине 66 жаштагы эркек кирди. Ал 5 саат чуркап, дароо   9 килограммга арыктады. Мындай кескин салмак таштоо биринчи жолу катталды.   Чуркап бүткөндөн кийин, ардагердин кан басымын дарыгерлер текшерип, ал туруктуу экенин дагы белгилешти.

Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго жабдуулар менен камсыздалат

Кыргызстанда курулуп жаткан жаңы ооруканалар дээрлик 69 миллион сомго жабдуулар менен камсыздалат.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медицина жайларында керебеттер, рентген-аппараттар, стационардык жана УЗИ аппараттар орнотулат.   Аларды жеткирүү боюнча 9 компания менен келишим түзүлдү. Эске салсам, учурда өлкөдө 3 оорукана курулуп жатат. Андан… Кененирээк…

Ошто Ак-Буура дарыясында жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөлөр курула баштады

Ошто Ак-Буура дарыясында жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөлөр курула баштады. Түштүк ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, биринчи өтмөк Юго-Восток кичи районунда пайда болот.   Анын жалпы узундугу 75 метрди түзөт. Жалпысынан, дарыяда 10 көпүрө курулат деп пландалууда.

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топтору чек арадагы такталбаган тилкелерди карап чыкты

Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топтору чек арадагы такталбаган тилкелерди карап чыкты. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, кеп Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондору тууралуу болуп жатат.   Министрлер кабинетинен белгилешкендей, эки тарап айрым суроолор боюнча бир пикирге келишти. Эске салсак, Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча эки… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар качан кадимки режимге кайтып келет азырынча белгисиз

Кыргызстанда жогорку окуу жайлар качан кадимки режимге кайтып келет азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Андан белгиешкендей, бул маселе ведомстводо карала элек. Эске салсак, буга чейин билим берүү министри Каныбек Исаков эпидемиологиялык абал жакшырса, Кыргызстан мектептери октябрдан тарта ачылып, бардык окуучулар… Кененирээк…

«Газпром» ишканасы карызын өз убагында төлөбөгөн керектөөчүлөргө туум чегерет

«Газпром» ишканасы карызын өз убагында төлөбөгөн керектөөчүлөргө туум чегерет. Компаниядан билдиришкендей, эми мыйзамга ылайык, карыздарды сот аркылуу төлөтүү мүмкүн. Мындан улам керектөөчүлөргө карыздарды кечиктирбей төлөө сунушталат.   Төлөмдөрдү накталайсыз түрдө терминал, мобилдик капчык, коммерциялык банк жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү аркылуу жүргүзсө болот.

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы жол курула баштады

Кара-Кечеде көчкү басып калган жерди айланып өтүүчү жаңы жол курула баштады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, атайы комиссия көчкү жүргөн жерди тазалоо мүмкүн эмес экенин аныктады. Иштери бүгүн башталды.   Тилкенин бир тарабын курууга болжол менен эки жума керектелет. Курулушка атайы оор техникалар тартылды. Эске… Кененирээк…

Бишкекте эс алуу бактарын куруу уланууда

Бишкекте эс алуу бактарын куруу уланууда. Мэриядан билдиришкендей,   10 гектарды ээлеген “Балалык” багында инженердик жана электр тармактары өткөрүлүп, фонтандар курулду.   Ал эми “Ынтымак” багында тротуарларга, жолчолорго, спорттук аянттарга жер даярдалууда. Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн кесилишинде орун алган эс алуу багында бордюрлар жана ирришациялык… Кененирээк…