АКШда кафедеги тейлөөчүгө чай ичип кой деп унаа калтырып кетишти

АКШда кафедеги тейлөөчүгө чай ичип кой деп унаа калтырып кетишти. Берешен кардарлар жубайлар болду. Белгилүү болгондой, официант кыз жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп, унаасы дагы бузулуп калган.   Муну уккан кардарлар боору ооруп, өздөрүнүн унаасын белек кылышты. Кыз болсо сүйүнгөнүнөн ыйлап да жиберди.

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда

Бишкекте көчө жарыгын оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы шамчырактар Фрунзе, Бакаев, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Барнаул тар көчөсүндө пайда болду.   Бул жерлерге 95 жарык диоддук лампа орнотулду. Андан тышкары, Манас жана Жибек Жолу проспектилеринде 3 миңден ашык зым жаңыртылды. Көчө жарыгы боюнча арыздар “Бишкексвет”… Кененирээк…

Кыргызстанга 75 миң медициналык беткап жана 56 миң коргоочу костюм жеткирилди

Кыргызстанга 75 миң медициналык беткап жана 56 миң коргоочу костюм жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, аларды сатып алууга чет элдик донорлор 1 миллион доллар грант бөлүп берген.   Беткаптарды алууга 170 миң доллар, ал эми костюмдарды алууга 440 миң доллар жумшалды. Гранттын калган суммасына… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызынын пенсиясы жашоо минимумуна да жетпейт

Кыргызстанда пенсионерлердин 38 пайызынын пенсиясы жашоо минимумуна да жетпейт. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Ал белгилегендей, 10 жыл мурда бул көрсөткүч 85 пайызды түзгөн болчу.   Бүгүнкү күнгө карата 2 миң сомго чейинки пенсияны 14 миң адам алат. Ал эми 20 миң сомдон… Кененирээк…

Көк-бөрү боюнча президенттин кубогу 3-ноябрда өтөт

Көк-бөрү боюнча президенттин кубогу 3-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Улуттук көк-бөрү федерациясынан билдиришти. Турнир Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда  уштурулат.   Катышуучу командаларды каттоо 20-октябрга чейин жүрөт. 2-ноябрда чүчү кулак тартылып, эртеси күнү мелдеш башталат. Эске салсак, аталган  турнир жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген.… Кененирээк…

Баткенде бир нече ирет эскертүү алган коомдук тамактануу жайлары жабылды

Баткенде бир нече ирет эскертүү алган коомдук тамактануу жайлары жабылды.   Жергиликтүү бийлик жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери рейд жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сомго айып салынды.   Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан, санитардык талаптарды сактабаган коомдук жайлар жабылды.

Башкортостандын Оренбуржье менен чектешкен жеринде топтолгон кыргызстандыктар жакында өлкөгө кайтып келет

Башкортостандын Оренбуржье менен чектешкен жеринде топтолгон кыргызстандыктар жакында өлкөгө кайтып келет. РИА Новостинин маалыматына ылайык, учурда бул жерде 1 миң 353 жаран бар.   Арасында кош бойлуу аялдар жана жаш балдар бар. Кыргызстандын консулдук кызматы аларды мекенине кайтаруу боюнча аракеттерди көрүүдө. Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук такси жол кырсыгына кабылды, жабыркагандар бар

. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн Калык Акиев көчөсүнүн Чүй проспектиси менен кесилишинде №215 маршруттук такси менен Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа кагылышты.   3 жүргүнчү жабыркады. Алар ооруканага жеткирилди.

АКШда миллиардер болгон байлыгын кайрымдуулукка которду

АКШда миллиардер болгон байлыгын кайрымдуулукка которду.   Duty Free Shoppers тармагынын негиздөөчүсү Чарльз Фини 40 жылдан бери университеттерге жана коомдук уюмдарга жардам берип келген.   Эми 89 жашка келген Фини   8 миллиард доллардан ашык каражатты жардамга муктаждарга таратып берди. Кызыгы, ал акча кимден экенин айтчу… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Жакынкы күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 17-19-сентябрда өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.   Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашат. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүйдүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай аба-ырайы талаадагы жыйын-теримге, мал жаюуга жана… Кененирээк…