Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

Бодо мал менен майда жандыкты Өзбекстанга экспорттоого тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.   Анын айтымына караганда, ведомство бодо жана майда малды экспорттоого тыюу салуу маселесин өкмөттүн талкуусуна жөнөткөн. «Этке болгон баа өстү. Малды… Кененирээк…

Сеул шаарынын кафелериндин биринде робот официант ишке кирди

Сеул шаарынын кафелериндин биринде робот официант ишке кирди. Ал бир эле учурда 4 стөлдү тейлей алат. Кардарлар болгону сенсор экрандан тамагын тандап коюшу керек.   Робот корей жана англист тилдеринде баарлашат. Кызыгы, мындай өзгөчө официант пандемия учурунда адамдардын байланышын азайтуу үчүн ишке киргизилди.

Ошто муниципалдык ипотекага бериле турган 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Ошто муниципалдык ипотекага бериле турган 9 кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Турак-жай Достук кичи районунда пайда болот.   Ишти муниципалдык ипотекалык ишкана жүргүзүүдө. Имарат заманбап өрткө каршы сигнализация, кондиционер жана лифттер менен камсыздалат. Белгилеп кетсек, бул Оштогу мындай экинчи үй.… Кененирээк…

Стамбулда уча турган унаа тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү

Стамбулда уча турган унаа тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү. Ал 10 метр бийиктикке көтөрүлө алды. Кийин өндүрүүчүлөр аны 2 миң метр бийиктикке чейин көтөрүп, ылдамдыгын саатына 100 чакырымга чейин жеткирүү ниетинде.   Күтүлгөндөй, учуучу унаа жалпы сатыкка 10-15 жылда чыгарылат. Кийинки сынакка айдоочу отургузулат.

Токмокто социалдык шаарчанын курулушу башталды

Токмокто социалдык шаарчанын курулушу башталды. Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, кийин 100дөй аз камсыздалган үй-бүлө бул жерден турак-жай ала алат.   Артыкчылык жалгыз бой энелерге, эки же андан көп баласы бар жесир аялдарга берилет. Жалпысынан, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 25 үй курулат. Анын ар бирине төрттөн үй-бүлөнү… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 300 минден ашык үй-бүлө балага сүйүнчү алды

Кыргызстанда жыл башынан бери 300 минден ашык үй-бүлө балага сүйүнчү алды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта республикалык бюджеттен 995 миң сом бөлүнгөн.   Эске салсак, бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пулду алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлгөн. Пособие 2 күндүн ичинде эле берилет. “Балага… Кененирээк…

Бул жылы өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард долларга көбөйдү деген айрым депутаттардын айтканы чындыкка дал келбейт

Бул жылы өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард долларга көбөйдү деген айрым депутаттардын айтканы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен жарыялашты.   Андан ташкашкандай, бүгүнкү күнгө карата 337 миллион долларга барабар тышкы каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Анын 269 миллиону насыя. Июлдун аягына карата мамлекеттик карыз 4… Кененирээк…

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги коронавирус пандемиясына байланыштуу 5 коррупциялык иши иликтөөдө

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттиги коронавирус пандемиясына байланыштуу 5 коррупциялык иши иликтөөдө. Бул тууралуу Карды полициясынын башчысы Бакир Таиров билдирди.   Анын айтымында, айрым тиешелүү структуралар тарабынан ооруканаларды дарылар менен камсыздоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн эмес. Тергөө уланууда.

Өзбекстан 1-октябрдан тартып чек арасын ачат

Өзбекстан 1-октябрдан тартып чек арасын ачат. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Республикалык атайын комиссия карантиндик чектөөлөрдү кыскартты. Мындан тышкары, өлкөгө турист катары киргендер 14 күндүк карантинге алынбайт. Бирок чет элдик жарандарды конок катары алып келген туристтик компаниялар ар бир кардарына коронавируска кабылган жок деген ПЦР-тесттин жыйынтыгын… Кененирээк…

Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчалар иштеп баштады

Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчалар иштеп баштады. Калаа мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Калматова билдиргендей, мектепке чейинки билим берүу мекемелери санитардык талаптарга текшерилип, андан кийин тайпалардын санын азайтуу менен иштөөгө уруксат берилди. Жалпысынан 42 бала бакча иштеп баштады. Бакчаларда эрежелер сакталбаса дароо жабылбайт.… Кененирээк…