Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 400 медицина кызматкери ооруканаларда жана стационарларда пандемия күч алып жаткан учурда вирус менен күрөшкөн.   Алар Баткен, Чүй, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкектин дарыгерлери. Саламаттыкты сактоо министрлиги жалпысынан 2 миңден ашык медицина кызматкеринин ден-соолугун… Кененирээк…

Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат

Кыргызстан-Россия аба каттамы 21-сентябрдан тарта жанданат. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү штабдан РИА Новостиге билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларуска учактар каттап баштайт.   Алгач каттамдар жумасына бир ирет аткарылмай болду. Эске салсак, мартта пандемияга байланыштуу ички жана эл аралык аба… Кененирээк…

UFC уюму Конор Макгрегорду кайтарып келүүнү пландап жатат

UFC уюму жакында эле карьерасын жыйынтыктаганын жар салган атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду кайра сегиз бурчтукка кайтарып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт ESPN басылмасына билдирген.   «Ал кайра мушташат деп кепилдик бере албайм, бирок биз 2021-жылы мушкер үчүн кызыктуу нерсе даярдап жатабыз», — деген Уайт. Конор Макгрегор акыркы… Кененирээк…

Кыргызстан сасык тумоого каршы эмдөөдө Россиянын вакцинасын колдонот

Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүш үчүн Орусиянын «Гриппол плюс» вакцинасын алды.   Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрда билдиргендей, вирустук ооруларга каршы вакцина ооруканалардын жугуштуу оорулар, реанимация бөлүмдөрүнө, «Тез жардам», төрөт үйлөрүнө, үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлерине, карыларга жана балдарга, майыптар үйлөрүнө, интернаттардын… Кененирээк…

Швециялык спортчу 26 жыл сакталып келген дүйнөлүк рекордду жаңылады

Швециялык жеңил атлетчи Арман Дюплантис бийиктикке секирүү боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.   Маалыматка ылайык, спортчу буга Римдеги «Бриллиант Лигасында» 17-сентябрда жетишти. Ал 6 метр 15 сантиметрге секирип, мурдагы союздашы, украиналык белгилүү спортчу Сергей Бубканын 1994-жылы койгон рекордун жаңылады. Бубканын рекорду 6 метр… Кененирээк…

Кыргызстандык Даниель Токтосунов Ысык-Көлдү айланып чуркап өттү

Кыргызстандык Даниель Токтосунов Ысык-Көлдү айланып чуркап өттү. Ал жалпысынан 444 чакырымды багындырды. 24 агенттигине Токтосунов өзү айтып бергендей, көлдү айланып өтүүгө 5 күн талап кылынды.   Ал күнүнө 12-15 саат чуркап, 2-3 саат эс алып жатты. Муну менен Даниель Токтосунов жаштарды саламат жашоого үндөй турганын… Кененирээк…

Ноокат районунда жаңы мектеп колдонууга берилди

Ноокат районунда жаңы мектеп колдонууга берилди. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 225 окуучуга эсептелген мектеп Тескей-Кожоке айылында пайда болду.   Анда ашкана, спорт зал, компьютердик класстар бар.  Курулушка республикалык бюджеттен 51 миллион сом бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштеп баштады

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштеп баштады. Калаа мэриясынан билдиришкендей, коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык ыкчам штаб 15 жеке бала бакчанын ишин жандантууга уруксат берди. Ошону менен катар санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлган.   Ага ылайык, ар бир тайпада 12 баладан ашпоого тийиш.… Кененирээк…

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды

Шайлоочулардын массалык түрдө дарегин которуусу боюнча билдирүүлөргө ылайык 21 материал каттоого алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Андан такташкандай, алар №2 форма боюнча шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери болушу мүмкүн. Бул жаатта Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине… Кененирээк…