Жумгал районунда Түгөл-Суу суу сактагычы калыбына келтирилет

Жумгал районунда Түгөл-Суу суу сактагычы калыбына келтирилет. Район акими Адыл Сапаров билдиргендей, курулуш иштери быйыл старт алат. Иштер аяктагандан кийин резервуарга 3,5 миллион кубометр суу топтолот. Бул өз кезегинде 6 айыл өкмөттүн 4 миң гектар айдоо аянты суу менен камсыздоого шарт түзүлөт. Долбоорго 700 миллион… Кененирээк…

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, медициналык мекеме 216 орунга ылайык. Иштер июль айында башталган. Имараттын эски чатыры, электр жабдуулары алмаштырып, ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Эшик, терезелери, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылды. Мындан тышкары,… Кененирээк…

Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды

Бишкекте республика боюнча өспүрүм балдардын футбол боюнча мелдеши жыйынтыкталды. Мелдеште 2010-11-жылкы балдардан куралган 16 команда күч сынашты. 2011-жылкы жаш футболчулар арасында «Дордой» командасы чемпион болду. «Азия Гол» командасы экинчи орунду ээлесе, үчүнчү сапка «Илбирс» клубу чыкты. Мындан тышкары, «Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу» аныкталып, белектер берилди.

Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китептин бет ачар аземи өттү

Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китептин бет ачар аземи өттү. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, китептер 8 миң 409 нускада басылып чыкты. Иш-чаранын жүрүшүндө талкуу жүргүзүлүп, авторлорго сый акы берилди. Окуу куралдары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, мектеп окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Адамдар чогулган жерлерде беткап тагынуу режими сакталышы кажет

Адамдар чогулган жерлерде беткап тагынуу режими сакталышы кажет. Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов койду. Анын айтымында, жарандарды кабыл ала турган мекемелерде, коомдук унааларда жана базарларда адамдардын беткапчан болушун текшерүү иштери күчөтүлүшү  зарыл. Бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Мындан улам,… Кененирээк…

Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирди

Кыргызстан 5 өлкө менен аба каттамдарын калыбына келтирди. Республикалык штабдан билдиришкендей, алар Россия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмирлиги жана Түркия. Эми кыргызстандыктар Москва, Алматы, Ташкент, Дубай, Шарджа, Анталья жана Стамбул шаарларына уча алышат. 4 өлкөнүн талаптарына ылайык, мекендештер алардын аймагына келгенге чейин 3 күн мурда… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Бүгүн түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын табы 0дөн -2 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба-ырайы айыл чарба жумуштарын, малды жаюуну, унаа кыймылын жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Ош облусунун Үч-Каптал айылында эки билим берүү мекемеси пайда болот

Ош облусунун Үч-Каптал айылында эки билим берүү мекемеси пайда болот. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,  Оморкулов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлдү. Жаңы объекти 54 миллион сомго курулат. Ага акча мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт. Буга чейинки мектептин эски имараты авариялык абалда деп табылган… Кененирээк…

Ордо калаада айдоочулар көзөмөлгө алынууда

Ордо калаада айдоочулар көзөмөлгө алынууда. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, өткөн жума ичинде дээрлик 5,5 миң айдоочу жолдо жүрү эрежесин бузду. Анын ичинен мас абалда унаа башкаруу фактысы боюнча 87 адам кармалды. Ошондой эле 700 машине айып короосуна киргизилди. Анын 169у эвакуатор менен жүктөлүп кеткен. Кайгуул… Кененирээк…

Кыргызстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлөт

Кыргызстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт. Программалардын планы 1-декабрга чейин бекитилиши керек. Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилет. Ал эми жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө милдети президент аппаратынын жетекчисине… Кененирээк…