Россиядан Кыргызстанга мугалимдер келип иштешет

Россиядан Кыргызстанга мугалимдер келип иштешет. Педагогдор «Билим берүүдө тажрыйба алмашуу» гуманитардык долбоорунун алкагында келишет. 30 мугалим орус тили жана адабияты, математика жана башка предметтер боюнча Кыргызстандын мектептеринде сабак өүшөт. Эске салсак, былтыр да Россиядан биздин өлкөгө 17 мугалим келип иштеген.

АКШда футбол талаасында машыктыруучу бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салынды

АКШдагы Улуттук футбол лигасы «Сиэтл Сихокс» командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. РИА Новости билдиргендей, машыктыруучу «Нью-Ингленд Пэтриотс» клубу менен өткөн оюнда бет кап тагынган эмес. Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан.

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп пайда болот

Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектеп пайда болот. Учурда курулуш иштеринин теңи аяктап калды. Объекти 225 окуучуга чакталат. Курулуштун сметалык баасы 70 миллион 507 миң сомду түзөт. Учурда иштер планга ылайык аткарылууда. Билим берүү мекемесин ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Ордо кала тургундары коомдук унаалардын кыймылын смартфондон көрө алышат

Ордо кала тургундары коомдук унаалардын кыймылын смартфондон көрө алышат. Учурда шаардагы бардык муниципалдык автобустарга видео байкоо системасы менен GPS-навигатору туташтырылды. Мындай жаңы долбоорду калаа мэриясы сунуштап жатат. Муниципалитеттин маалыматына караганда, система азырынча тесттик режимде иштеп жатат.

Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 50 пайызга аткарылды

Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 50 пайызга аткарылды. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 100 орундуу медициналык мекемени салуу иштери июлда башталган. Имарат тез тургузулуучу конструкция менен курулууда. Анда ички жылытуу системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Учурда ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу жана… Кененирээк…

Ордо калаанын бир районунда ысык жана муздак суу өчүрүлөт

Ордо калаанын бир районунда ысык жана муздак суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен эскертишкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин Дэн Сяопин, Профсоюз, Патриса Лулумба жана Кустанай көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө ысык суу жок болот. Буга чейин ушул эле аймакта муздак суу өчүрүлөрү айтылган. Убактылуу чектөө ремонттук иштерге байланыштуу.

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жалпысынан узундугу 2,5 чакырымды түзгөн тилкеге асфальт төшөлүүдө. Иштер Товарная, Кулматов, Шахтер, Бакыбек жана Жолбаев көчөлөрүндө аткарылууда. Иштерге 10 миллион 398 миң сом жумшалат. Каражат мамлекеттик бюджеттен берилет.

Бишкекте стационарлар текшериле баштады

Бишкекте стационарлар текшериле баштады. Мэриядан билдиришкендей, коронавирустун экинчи толкунунун башталуу коркунучуна байланыштуу күндүзгү стационарлардын даярдыгы көзөмөлгө алынууда. Эске салсак, жайында вируска кабылгандардын саны кескин түрдө көбөйгөндүктөн, ордо калаада күндүзгү жана түнкү убактылуу стационарлар ачылган. Ооругандардын саны азайгандан кийин алар ишин токтоткон. Өкмөттүн маалыматына ылайык, сентябрдын… Кененирээк…

Коомдук жайларда беткабы жок жүргөндөрдү жазалоо каралууда

Коомдук жайларда беткабы жок жүргөндөрдү жазалоо каралууда. Мындай сунуш Республикалык штабдын кеңешмесинде айтылды. Ага ылайык, соода борборлорго, супермаркеттерге жана көңүл ачуучу жайларга келген адамдар бет кап тагынышы керек. Ошондой эле аталган жайларда тепловизор, санитайзерлер болушу шарт. Андан тышкары, соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо тапшырмасы… Кененирээк…

Индияда Тадж-Махал мечити ачылды

Индияда Тадж-Махал мечити ачылды. Бирок анда бир катар эрежелер киргизилди. Алсак, мечитке кирген адамдын саны күнүнө 5 миңден көп болбошу керек. Ошондой эле объектиге баш баккан адамдар беткапчан болушу шарт. Бул тарыхый-маданий жайга жылына 7 миллионго жакын турист көргөнү барат. Кошумчаласак, аталган маданий жай Тамерлан… Кененирээк…