Японияда дүйнөдөгү эң кичинекей кубик рубик жасалды

Японияда дүйнөдөгү эң кичинекей кубик рубик жасалды. Түзүмдүн ар тарабы 10 миллиметрден турат. Аны жасоодо алюминий колдонулду. Кубик рубиктин автору жергиликтүү компаниялардын бири. Жаңычылдык дээрлик 2 миң долларга бааланууда.

Кыргызстанда чет өлкөлөр менен байланыштырган аба каттамдарды калыбына келтирүү уланышы ыктымал

Кыргызстанда чет өлкөлөр менен байланыштырган аба каттамдарды калыбына келтирүү уланышы ыктымал. Бирок бир гана эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, буга чейин 32 өлкө менен аба жолдорун ачуу макулдашылган. Алардын ичинен Россия, Казакстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине жүргүнчүлөр… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер үчүн видеосабактар иштелип чыкты

Кыргызстанда мугалимдер үчүн видеосабактар иштелип чыкты. Бул максатта   мугалимдер жана медиа эксперттерден турган 24 адис, предметтер боюнча 12 видеосабактын сценарийин даярдашты. Анда «Видеосабактарды уюштуруу» жана «Мугалимдер үчүн фактчек» усулдук видеоколдонмолору да бар. Бул аркылуу педагогдор үрөттөрдүн же мессенжерлерде жайылтылган маалыматтардын аныктыгын текшере алышат. Иштелмелер мугалимдерге… Кененирээк…

Жыл ичинде өлкөдөгү 3  органга элдин ишеними жогорулады

Жыл ичинде өлкөдөгү 3  органга элдин ишеними жогорулады. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, ички иштер органдарына болгон көрсөткүч өткөн жылы 15,1 балл болсо, быйыл 40,8 баллга көтөрүлдү. Саламаттыкты сактоо уюмдарына былтыр 17 балл берилсе, быйыл 36,7 баллга жогорулады. Ошондой эле ишеним индекси жогорулаган тармак айыл чарбасы.… Кененирээк…

Сауд Арабия кайрадан зыяратчыларды кабыл алып баштайт

Сауд Арабия кайрадан зыяратчыларды кабыл алып баштайт. Өлкө бийлиги 4-октябрдан тартып ажылык сапарды уюштуруу ниетинде. Алгачкы этапта келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк зыяратчылардын саны 6 миңден ашпашы керек. Ал эми ноябрдан тартып алардын санын 20 миңге чейин жеткирүү пландалууда. Көбүрөөк мүмкүнчүлүк чет өлкөлүктөргө берилет. Эске … Кененирээк…

Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2021-25-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, мамлекетке тиешелүү кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Бул багытта тилди билүү деңгээлин аныктай турган «Кыргызтест» системасы түзүлүп, мамлекеттик бардык кызматкерлер сынактан өтүүдө. Учурда алардын 20 миңден ашыгы тестирлөөдөн өттү. Боронов кошумчалагандай, бүгүнкү… Кененирээк…

Кыргызстанда резервдеги дарыгерлер COVID-19 боюнча окутуудан өтүп жатат

Кыргызстанда резервдеги дарыгерлер COVID-19 боюнча окутуудан өтүп жатат. Бул тууралуу медициналык академиядан билдиришти. Маалыматка караганда, сабактар бүгүнтөн тартып онлайн форматында башталды. Ага мугалим-дарыгерлер, ординаторлор жана жогорку курстун студенттери катышып, пандемия боюнча клиникалык протоколдун жаңы версиясын үйрөнүп жатышат. Билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет. Алар… Кененирээк…

Японияда колу, буту кыймылга келген 18 метрлик робот пайда болду

Японияда колу, буту кыймылга келген 18 метрлик робот пайда болду. Мындай ири конструкцияны алп роботторго арналган көңүл ачуучу сейил бакка карата түзүп чыгышты. Эс алуу жайын ачуу июль айына пландалган. Бирок пандемиядан улам алгач октябрь айына, андан кийин белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Технологияны негиздөөчүлөр сыноодон өткөрүштү.

Ордо калаанын 3 конушунда таза суу өчүрүлөт

Ордо калаанын 3 конушунда таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 4кө чейин чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарында таза суу болбойт. Өчүрүүлөр №43 мектепке жана №21 муниципалдык аймактык башкармалыкка да тиешелүү болот. Убактылуу чектөө «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу кампаларында, шаардык суу түтүктөрүн… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы бала бакча пайда болду

Ош шаарында жаңы бала бакча пайда болду. Калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Амир-Темур кичирайонунда жайгашат. Мекеме 100 орунга чакталды. Мындан тышкары, Быйыл Ош шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 бала бакча курулат. Анын үчөөсүн жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.