Кыргызстанда окуу жайлардын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кыргызстанда окуу жайлардын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алар Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин жана Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин имараттары. Учурда объектилерди кара калыбына келтирүү жумуштары башталды. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат. Иштер 8 айда аягына чыгып калат. Мындан тышкары, жыл аягына чейин Бишкек, Ош… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады

Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Анын айтымында, добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесине 3 миллион 523 миң 532 адам кирди. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда 27,6 пайызга, ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 16… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда бүгүн Үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленүүдө. Символикалык датада никелерди каттоо мекемесинде 15 түгөй өздөрүнүн мамилесин бекитишти, — дешти мамлекеттик каттоо кызматынан. Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдө 1-январдан 23-сентябрга чейин 25 миң 664 түгөй баш кошушту. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 миңге азыраак.

Өлкөдөгү кинотеатрлардын ачылышын Республикалык штаб чечет

Өлкөдөгү кинотеатрлардын ачылышын Республикалык штаб чечет. Маданият министри Азамат Жаманкулов 24 агенттигине билдиргендей, ведомство аталган мекемелерди ачуу боюнча сунушун берген. Учурда тиешелүү документтин бары даяр турат. Акыркы чечим штабда калууда. Эске салсак, мартта карантин киргизилгенде кинотеатрлар биринчилерден болуп жабылган.

Чет өлкөлөрдөн добуш берүүчүлөрдүн саны жогорулады

Чет өлкөлөрдөн добуш берүүчүлөрдүн саны жогорулады. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, учурда 32 миң 580 адам чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринен добуштарын бере алышат. Жалпысынан Кыргызстандан башка өлкөлөрдө 45 шайлоо участкасы түзүлдү. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия катталды.

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ өчүрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эртең, саат 8ден 5ке чейин Азимов, Кугартская, Фуркат, Бакыт, Тепличная, Малабаев, Фабричная көчөлөрүндө жана Манас проспектисинде көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөө газ түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Ош шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Мектепке чейинки даярдоо мекемеси 120 орунга ылайыкташат. Объекти Юго-Восток кичирайонунда жайгашат. Долбоорго каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүндү. Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов белгилегендей, калаа бюджетинин эсебинен ар бир кичирайондо бакчалар пайда болот. Бүгүнкү күндө Ак-Тилек жана Южный кичи райондорунда… Кененирээк…

Россия – Казакстан чек арасында кармалып турган мекендештер жолго чыкты

Россия – Казакстан чек арасында кармалып турган мекендештер жолго чыкты. Interfax басылмасы билдиргендей, бүгүн таңда Башкорстандын 5 муниципалитетинин түйүнүндө турган кыргызстандыктар 6 автобуска жайгаштырылды. Биринчи колонна менен чыккан 296 жаран Оренбург облусунан өтүп Казакстандын чек арасына бет алды. Күн аягына чейин 1 миң 667 кыргызстандык… Кененирээк…

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 532ни түздү

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 532ни түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда быйыл добуш берүүчүлөрдүн саны 27,6 пайызга, ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 16 пайызга көбөйдү. Эске салсак, өлкөдө парламенттик… Кененирээк…

АКШнын агенттиги Кыргызстанга 285 миң китеп берди

АКШнын агенттиги Кыргызстанга 285 миң китеп берди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, окуу куралдары өлкөдөгү 1 миңден ашык мамлекеттик мектептерге жана китепканаларга берилет. Басылмалар — башталгыч класстардын окуучуларына арналып, кыргыз жана орус тилдеринде.  Жаңы китептер аңгеме, жомок, ырлар, табышмак жана мектеп курагындагы жаш балдарга арналган чыгармаларды… Кененирээк…