Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Бакиев, Эркин-Тоо, Чехов, Московская, Ленин, Интернациональный, Акбаров, Эркиндик, Типографический, Токтогул, Шопоков, Базарбаев, Пугачев, Бабкин, Железнодорожный, Партизанский жана Исакулов көчөлөрүндө, ошондой эле борбордук базардын айланасында электр энергиясы жок болот. Өчүрүү… Кененирээк…

Караколдо шайлоо тилкесинин дареги өзгөрдү

Караколдо шайлоо тилкесинин дареги өзгөрдү. Тагыраагы, №3162-шайлоо участогу №7 бала бакчанын имаратынан Харьков көчөсүндөгү №8 бала бакчанын имаратына көчүрүлдү. Тиешелүү чечим Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл таштандылардан тазаланды

Ысык-Көл таштандылардан тазаланды. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери экологиялык акция уюштурду. Анын алкагында Тору-Айгыр жана Бостери айылдарындагы көлдүн түбүнөн бир тоннадан ашык таштанды жана 100дөн ашык балык кармай турган тор алынып чыкты. Ысык-Көлдөн жалпы жонунан беш тонна таштанды чогултулуп, аны кайра иштетүү үчүн Балыкчыдагы атайын жеке… Кененирээк…

Ош облусунун Төрт-Көл айылында бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди

Ош облусунун Төрт-Көл айылында бир кылымдан бери турган мектеп жаңыдан курулуп, колдонууга берилди. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жээнбек Маматжанов атындагы №58-орто мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталган. Долбоорго мамлекеттик бюджеттен 78 миллион сом бөлүнгөн. Бул суммага билим берүү мекемесинин негизги окуу корпусу курулуп бүттү. Имарат 275… Кененирээк…

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөгө расмий иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөгө расмий иш сапары менен барат. Өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Жээнбеков Россияга 28-сентябрда учуп кетет. Иш сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Андан кийин 28-29-сентябрда Венгрияга расмий сапар менен барат. Анда президент Венгрия… Кененирээк…

Камбоджада жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган келемиш медаль менен сыйланды

Камбоджада жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган келемиш медаль менен сыйланды. Магава аттуу келемиш 141 миң чарчы метр аянтты тинтип, 39 мина жана 28 жарылуучу заттарды тапкан – дешти The Mirror басылмасынан. Ал мындай жөндөмдүүлүккө алдын ала үйрөтүлгөн. Келемиштин салмагы 1 килограмм 200 грамм, узундугу 70 сантиметр.… Кененирээк…

Бишкекте ири соода түйүндөрү санитардык талаптар боюнча текшерилип жатат

Бишкекте ири соода түйүндөрү санитардык талаптар боюнча текшерилип жатат. Мэриядан билдиришкендей, рейддин алкагында эки ири соода жайларынын кире беришине фильтр коюлган эмес, босогого бутту дезинфекциялоо килемчеси жок жана кардарлардын колуна антисептик чачылбай, дене табы өлчөнбөй эле кирип жатышкан. Ал эми коргонуу каражаттарын сатып алуучулар гана… Кененирээк…

Франциянын эл аралык операторлору Кыргызстан аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр

Франциянын эл аралык операторлору Кыргызстан аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеп, Бишкектеги жана Оштогу аба майдандар тууралу болуп жатат. Учурда франциялык башка компаниялар Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Мындан тышкары, чет өлкөлүк ишкана Кыргызстанда паркинг… Кененирээк…

Баткен облусунун Чечме айылындагы тургундарга жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунун Чечме айылындагы тургундарга жардам көрсөтүлдү. Аймактык башкармалыктан “Турмуш” басылмасына билдиришкендей, чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга премьер-министрдин резервдик фондунан материалдык жардамберилди. Жалпысынан 8 жаранга 3 миң сомдон 770 миң сомго чейин акчалар тапшырылды. Эске салсак, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районунда эки өлкө жарандары… Кененирээк…

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жаңы борбордо маалымат алуу бөлүмү жана күтүү залы каралып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн. Анда калкты каттоо, паспорт берүү бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, банк кассасы, нотариус, сүрөт жана көчүрмө кызматтары бар.… Кененирээк…