Улуу Британиянын айылында тургундар 1,5 жыл бою интернет колдоно албай келишкен

Улуу Британиянын айылында тургундар 1,5 жыл бою интернет колдоно албай келишкен. Мунун себеби – карыянын эски сыналгысы. Анын ээси бул тууралуу өзү дагы билген эмес.   Ал жөн гана күн сайын көрүп жүргөн кадимки телевизор интернет сигналдарын бууп турган. 1,5 жылдан кийин гана инженерлер анын… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 7-кичи райондо медициналык клиниканын дарбазасы, Ынтымак конушунда соода күркөсү жана Тыныстанов-Москва көчөлөр кесилишиндеги жарнамалык конструкция алынды. Алар тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталган.   Бул жаатта иштер дагы улантылат, — дешти мэриядан.

Боршайком 31 мамлекеттен 219 эл аралык байкоочуну каттады

Боршайком 31 мамлекеттен 219 эл аралык байкоочуну каттады. Эң көп эксперттер КМШ Миссиясыан келет – 88 адам.   Ошондой эле, Парламент аралык ассамблеядан, Демократиялык институттар боюнча бюродон, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешмесинен өкүлдөр келет.   Андан тышкары, Япония, Иран, Нидерланды, Франция, Израиль, Монголия, Пакистан жана… Кененирээк…

Хлор кошулмасы менен дезинфекциялоо вирусту жайылтпайт

Хлор кошулмасы менен дезинфекциялоо вирусту жайылтпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ишендирди. Ал түшүндүргөндөй, базарлар адамдар көп чогулган жер жана аларда санитардык талаптар жакшы сакталбайт.   Андан улам, байма-бай дезинфекциялоо жүргүзүү керек. Хлордон ууланган учурлар катталган эмес.   Ошондой эле дезинфекциялоодон… Кененирээк…

Бишкектин 3 конушунда эртең таза суу жок болот

Бишкектин 3 конушунда эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Энесай, Дордо-1 жана Дордой-2 конуштарында таза суу өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстан аэропортторунун аймагына учу турган жүргүнчүлөр гана киргизилет

Кыргызстан аэропортторунун аймагына учу турган жүргүнчүлөр гана киргизилет. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынан эскертишти. Андан белгилешкендей, эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, каттоо аймагына колунда билеттери бар жүргүнчүлөр гана кире алат.   Жүргүнчүлөрдү тосуп же узатып жаткандар аэропортко киргизилбейт.

Добуш берүүдө жарандар ID-картасы менен колдонушу керек

Добуш берүүдө жарандар ID-картасы менен колдонушу керек. Чет элдик паспорттор дагы жарактуу, — дешти Боршайкомдон. Өздүктү тастыктаган башка документтер, мисалы, айдоочу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, аскердик билет – колдонулбайт.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоолор ушул жекшембиде өтөт.

Ошто карантин эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлүүдө

Ошто карантин эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлүүдө.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн мобилдик бригадалар коомдук транспортто жана тамактануу жайларда санитардык рейд жүргүзөт.   Анын алкагында, жергиликтүү тургундарга беткап тагынуу, антисептиктерди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлөт. Шаардын бардык базарлары дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерине жабылат.… Кененирээк…

Санитардык талаптарды аткаруу менен карантинди кайра киргизүү муктаждыгынан арылса болот

Санитардык талаптарды аткаруу менен карантинди кайра киргизүү муктаждыгынан арылса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.   Ал эске салгандай, май айында ишкерликти жандантуу алдында санитардык талаптар боюнча сунуштамалар берилген. Бирок ушул күнгө чейин бир катар объектилер аларды сактабай келет.  … Кененирээк…

Улуу Британияда теле алып аруучу Дэвид Аттенборо инстаграмга аз убакыт аралыгында эң көп катталуучу топтоп рекорд койду

Улуу Британияда теле алып аруучу Дэвид Аттенборо инстаграмга аз убакыт аралыгында эң көп катталуучу топтоп рекорд койду.   94 жаштагы Аттенборонун баракчасына 4 саатта эле 1 миллион адам жазылды. Буга чейинки рекорд актриса Дженнифер Энистонго таандык болгон. Ал 1 миллион катталуучуну 5 саат   16 мүнөттө… Кененирээк…