Япония Айда завод куруу ниетине

Япония Айда завод куруу ниетине. Фабрика анын түштүк полюсунда, муз баскан тилкесинде пайда болот. Анда отун, кычкылтек жана суутек чыгарылат. Алар Айдын үстүндөгү кыймыл учурунда жана жер орбитасына жетүүдө колдонулмакчы.   Япониялык адистер белгилешкендей, бул Айды жана жалпы космосту  изилдөөдө чоң жардам берет.

Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны 700 миңге көбөйдү

Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу 700 миңге көбөйдү. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.   Анын айтымында, шайлоочулар тизмесине 3 миллион 523 миң кыргызстандык кирди. Бул 2015-жылкы парламенттик шайлоолордон  27,6 пайызга көп.   Эске салсак,  мыйзамга ылайык, шайлоолордо биометрикалык маалыматын тапшырган… Кененирээк…

Бийлик темир жол каттамдарын жандантуу суроосун карап жатат

Бийлик темир жол каттамдарын жандантуу суроосун карап жатат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, эпидемиологиялык абалдын начарлашын алып келбей турган атайын алгоритмдер иштелип чыкты.   Ал эми аба каттамдар тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү күндө Кыргызстанга 33 мамлекеттин жарандары келе алат.   Бул… Кененирээк…

Өлкөдө электр энергиясынын баасы КМШ мамлекеттери менен салыштырмалуу, эң төмөн болуп эсептелет

Өлкөдө электр энергиясынын баасы КМШ мамлекеттери менен салыштырмалуу, эң төмөн болуп эсептелет. Регнум өкмөт аппаратына шилтеме келтирип билдиргендей, алсак, Россияда калк үчүн тариф киловатт саатына 10 центти түзсө, бизде 1 киловатт саат болгону 1 центке айланат.   Белорусия, Казакстан, Азербайжанда 6 цент, Армения, Грузияда –… Кененирээк…

Кыргызстанда күзгү-кышкы сезонго даярдык аяктады

Кыргызстанда күзгү-кышкы сезонго даярдык аяктады. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, энергетикалык комплекс ишканалары отун даярдоо боюнча пландарын бекитти.   Андан тышкары, жабдуулар, электр жана жылуулук тармактар толук оңдолду. Коронавирусту дарылоо үчүн колдонулуп жаткан объектилер өзгөчө көзөмөлгө алынат, — дешти ведомстводон.

Бишкекте жаңы бала бакча ачылды

Бишкекте жаңы бала бакча ачылды. Мэриядан билдиришкендей, 100 бөбөккө чакталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси Тыныстанов-Токтогул көчөлөр кесилишинде орун алган.   Ага кенже, орто жана улуу тайпалар ачылып, окуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бакчага 11 номуру ыйгарылып, электрондук кабыл алуу башталды.  Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 35… Кененирээк…

Австралиянын тургуну туулган күнүндө миллионер болду

Австралиянын тургуну туулган күнүндө миллионер болду. Анын күйөөсү лотерея билетин белек кылган. Ал билгендей эле, бул билет бакыт алып келген билет деп айтып, белегин ыйгарган.   Чынында эле анда 3 миллион доллар катылган болуп чыкты. Күтүүсүз жерден байыган аял акчаны үйдүн ремонтуна жана экзотикалык өлкөлөргө… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочуларга ыңгайлуу жаңы сервисин тартуулады

Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочуларга ыңгайлуу жаңы сервисин тартуулады. “МКК кызматтары” уюлдук тиркемесинде “Айдоочу күбөлүгүнүн даярдыгы” бөлүмү пайда болду.   Анда күбөлүк алууга арыз кайсы деңгээлге жетип калганын көрсө болот.   Андан тышкары, тиркемеде “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы айыптар, каттоого алынган транспорт каражаттарын жана машиненин документтери… Кененирээк…

Улуттук банк коммерциялык банктарды, каржылык-кредиттик уюмдарды, Кепилдик фондун, акча алмаштыруу жайларын кайрадан текшерип баштады

Улуттук банк коммерциялык банктарды, каржылык-кредиттик уюмдарды, Кепилдик фондун, акча алмаштыруу жайларын кайрадан текшерип баштады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жазылат.   Алсак, имараттар талаптарга туура келери, алмаштыруу операцияларына укуктары текшерилет. Эске салсак, рейддер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам июль айында убактылуу токтотулган болчу.

Шайлоолордун алкагындагы үгүт кампаниясында 104 бузуу катталды

Шайлоолордун алкагындагы үгүт кампаниясында 104 бузуу катталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр, шайлоолорду өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди.   Анын айтымында, бардык фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүүдө. Мадумаров белгилегендей, ыкчам кызматтар өлкөдөгү абалды көзөмөлдөп жатат. Эске салсак, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо ушул жекшемби,… Кененирээк…