Кыргызстанда 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин өлкө боюнча мектептер күзгү каникулга тарайт

2-ноябрдан 10-ноябрга чейин өлкө боюнча мектептер күзгү каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, 11-ноябрдан баштап мектептерде экинчи чейректин окуусу башталат.   Буга чейин күзгү каникул бир жумага созулары айтылган. Бирок 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү… Кененирээк…

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго автоматтык сугаруу системасы орнотулду

Кыргыз футболдук союзу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун футболдук талаасын сугарууга автоматтык системаны орнотту. Муну менен газонду улуттук курама команданын жана клубдардын эл аралык оюндарына мыкты даярдоого мүмкүн болот, ФИФА жана АФКнын оюн алдында жана тыныгуу маалында футболдук талааны сугаруу керек деген талабын аткарат. —… Кененирээк…

Түркиядагы зилзала кеминде 12 кишинин өмүрүн алды

Түркиянын батыш тарабындагы кубаттуу зилзаладан Измир шаарында бери дегенде 12 киши мерт болду. Алардын бири сууга чөгүп кеткенин «Associated Press» маалымат агенттиги Түркиянын Кырсыктарды жана чукул кырдаалды тескөө башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын саны 400дөн ашты.   АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык,… Кененирээк…

Түркиянын Сеферихисар аймагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

30-октябрда Түркиянын Сеферихисар аймагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Сеферихисар аймагы менен чектеш Измир шаарында да сезилди. Стамбул жана Бурса сыяктуу ири шаарларда да жарандар зилзаланы сезишкен.   Жергиликтүү бийлик аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалын тактап жатканын билдирген.   Түркиянын… Кененирээк…

Швецияда накталай акча колдонуу дээрлик жокко эсе

Швецияда накталай акча колдонуу дээрлик жокко эсе. Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы наркы өлкө ички дүң өндүрүмүнүн 1 пайызын гана түзөт.   Бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.Швецияда майда гана төлөмдөр накталай жүргүзүлөт, бирок андай майда соода өтө сейрек кездешет. Шведдер төлөмдөрдү… Кененирээк…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда медициналык колдоо көрсөтөт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанда медициналык колдоо көрсөтөт.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев менен уюмдун аймактык бюросунун жетекчиси Ханс Клюгенин макулдашуусу менен 10 күн аралыгында өлкөгө гуманитардык жардам жиберилет.   Анда кардиомониторлор, медициналык беткаптар, мээлейлер, тест системалары жана башка зарыл… Кененирээк…

Улуттук банк жыл башынан бери 345 миллион доллар сатты

Улуттук банк жыл башынан бери 345 миллион доллар сатты. Эл аралык валютага чыгууга доллар курсунун серпилүүсү себеп болот. Соңку интервенция   29-октябрда өткөрүлүп, анда 42 миллион 400 миң доллар сатылды.   Бул аракет улуттук валютаны колдоо максатында ишке ашууда. Бир айдан бери 79 сомдун тегерегинде болуп… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолдун курулушу уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолдун курулушу уланууда. Унаа жана транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери анын 9 чакырымы курулду.   Пандемияга байланыштуу, иштер графиктен кечигүү менен аткарылып жатат. Эске салсак, Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы түндүк-түштүк  альтернативалык жолунун… Кененирээк…

Кыргызстанда калкты жана турак-жайды каттоо кайрадан жылдырылды

Кыргызстанда калкты жана турак-жайды каттоо кайрадан жылдырылды. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтымында,                 20-ноябрда эл каттоону өткөрүү мүмкүн болбой жатат. Себеби кызматкерлерге ноутбуктар жок.   Андыктан, процедура кийинки жылга калтырылды. Эске салсак, Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүү пландалып, пандемияга байланыштуу 20-ноябрга жылдырылган.… Кененирээк…

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгону мамлекет башчынын расмий сайтына 30-октябрда жарыяланды.   Дагы бир жарлык менен ага чейин бул кызматта иштеп келген Наргиза Мансурова берген арызынын негизинде бошотулду. Анаркулов… Кененирээк…