Камчаткада “Бакыт министрлиги” түзүлөт

Камчаткада “Бакыт министрлиги” түзүлөт. Ведомствонун расмий аталышы -“Социалдык бакубатчылык министрлиги”. Ал эми кыскартылгандагысы – бакытты түшүндүрөт, — дешет жергиликтүү чиновниктер.   Кызматкерлер оор турмушта калган жарандарга жардам берүүсүн улантат, бирок эми маселелер жөн гана чечилбестен, адамдардын маанайы жакшы болуусуна, алар бактылуу болуусуна көп көңүл бурулат.

Медициналык жогорку окуу жайларда гранттык орундар көбөйөт

Медициналык жогорку окуу жайларда гранттык орундар көбөйөт. Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, учурда жаңы медициналык объектилер курулуп, эскилери оңдолууда.   Кадрлардын жетишсиздигин эске алып, медициналык жогорку окуу жайларында гранттык орундарды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды.   Саламаттыкты сактоо системасын башкаруунун, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой… Кененирээк…

Бардык мамлекеттик органдар шайлоолорду өткөрүүгө даяр

Бардык мамлекеттик органдар шайлоолорду өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, жалпысынан 2 минден ашык шайлоо участкасы ачылды.   Алардын бардыгы зарыл техника менен камсыздалды. Ошондой эле, тилкелерде санитардык нормаларды сактоо боюнча алгоритм иштелип чыкты. Шайлоолорду өткөрүүгө 700 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги 2-6-класстар үчүн мектепте окуу эрежелерин иштеп чыкты

Билим берүү министрлиги 2-6-класстар үчүн мектепте окуу эрежелерин иштеп чыкты. Ага ылайык, эгер мектепте 200дөн ашык окуучу болсо, сменалык окуу процесси уюштурулат.   Ошондой эле, аба-ырайынын шарттарына жараша, сабактарды ачык асман алдында өткөрүү сунушталды. Андан тышкары, мектептерде массалык иш-чараларга тыюу салынды.   Имараттар жана мектеп… Кененирээк…

Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады

Мексикада аял иши жок калган уулун үйдөн шыпыргы менен кубалады. 30 жаштагы эркек пандемиядан кийин жумушсуз калып, ата-энесиникине көчүп келген. Аял уулун кол кабыш кылат деп үмүттөнгөнү менен, ал кечке сыналгынын алдында видео оюндарды ойноп жатып алган.   Андан кийин аял бир тууганын чакырып, баласын… Кененирээк…

Кыргызстанда октябрь айы жаанчыл болот

Кыргызстанда октябрь айы жаанчыл болот. Синоптиктердин айтымында, жаан-чачын нормадан көбүрөөк түшөт. Аба-ырайынын орточо нормасы 9-11 градусту түзөт. Айрым аймактарда 6 градуска чейин үшүк жүрөт.   Эгер октябрдын жарымы жылуу болсо, экинчи жарымы суук болот, — дешти Кыргызгидрометтен.

Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ал ошондой эле өз мекенине жардамга келген чет өлкөлөрдөгү мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.   Сыйлык медиктерге, куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттерине жана журналисттерге берилди.

Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн

Кыргызстанда суунун аз келүү режими бир нече жылга созулушу мүмкүн. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, учурга карата Токтогул суу сактагычында дээрлик 15 миллиард кубометр нымдуулук бар. 2021-жылы суунун көлөмү андан дагы азайышы мүмкүн, — деди премьер.   Андыктан, бийлик азыртан көмүр, газ жана мазуттун жетиштүү запасын… Кененирээк…

“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды

“Дордой” клубу Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону аталды. Футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Дордойчулар” чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.   Александр Крестининдин шакирттери бүгүн мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин “Алга” клубун 5:1 эсебинде утуп алды.   Муну менен “Дордой”… Кененирээк…

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды

Бишкекте Лев Толстой көчөсүн калыбына келтирүү соңуна чыгып калды. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп анын 7-апрель-Достоевский көчөлөрүн камтыган тилкеси тууралуу болуп жатат.   Трасса колдонууга берилгенден кийин ал аркылуу Ауэзов көчөсүнөн Алыкуловго чейин шаарды кесип өтүүгө мүмкүн болот. Белгилеп кетсек, Лев Толстой көчөсүнүн аталган бөлүгүн буга… Кененирээк…