Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы кечки саат 10до белгилүү болот

Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы кечки саат 10до белгилүү болот. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. Анын айтымында, участкалар саат 8де жабылат.   Автоматтык эсептөө урналары 10го чейин алдын ала жыйынтыктарды чыгарып коет. Ал эми акыркы жыйынтык 20 күндөн кийин жарыяланат, — деди Шайлдабекова.  … Кененирээк…

Бишкек-Ош жолу менен сапарга чыккан айдоочулардын унааларында сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр болушу керек

Бишкек-Ош жолу менен сапарга чыккан айдоочулардын унааларында сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр болушу керек. Мындай эскертүүнү Унаа жана жолдор министрлигинен беришти.   Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына калың кар жаап, шамал болуп жатат. Адистер жолду тынбай тазалоодо. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаалар ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого… Кененирээк…

Бүгүн шайлоо күнүндө өкмөттүн чалуу борбору тынымсыз иштейт

Бүгүн шайлоо күнүндө өкмөттүн чалуу борбору тынымсыз иштейт. Ага жарандар шайлоо эрежелеринин жана санитапрдык нормалардын бузулушуна байланыштуу учурлар тууралуу маалымат бере алат.   Ишеним телефондор: 0312 66 28 58, 62 51 19. “Кыргызтелекомдун” Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук… Кененирээк…

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын саны 32 миң 602 жаранды түзөт. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 5 өлкө боюнча 31 шаар катталды.   Быйыл биринчи жолу Италия жана Францияда шайлоо тилкелери ачылды. Андан тышкары, Россиянын шаарларында кошумча 5 тилке пайда болду. Аларда… Кененирээк…

Түштүкөгү эпидемиологиялык абал боюнча иликтөө жүргүзүлөт

Ош, Жалал-Абал жана Баткен облустарында коронавирус инфекциясын жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал курчуганына байланыштуу терең иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Облустук штабдын маалыматы боюнча, жер-жерлерде санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат.   Жыйындын жүрүшүндө Кавасаки синдрому боюнча дагы талкуу… Кененирээк…

Салык кызматынын Call-борбору жаңы 116 номерине өттү

Мамлекеттик салык кызматынын Call-борбору мурдагы 1240 номеринин ордуна жаңы 116 номерине өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызыматы кабарлады. Жаңы номердин артыкчылыгы — эми ага чалуу «Кыргызтелеком» ААКтын абоненттери үчүн гана эмес, мобилдик телефондордон да акысыз болмокчу.   «Мурда мобилдик телефондон Call-борборго чалуу уюлдук операторлордун тарифтик… Кененирээк…

Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүүдө

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүүдө. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.   Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш берүү үчүн 2475… Кененирээк…